Сүрөттөрдө: Ачка палестиналыктар жаңы бөлүштүрүү пункттарынан тамак издеп жатышат
ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Сүрөттөрдө: Ачка палестиналыктар жаңы бөлүштүрүү пункттарынан тамак издеп жатышатКүч алган кысымдын астында Израиль 12 күн мурун Газадагы 11 жумалык блокаданы токтотту, БУУнун жетекчилигиндеги чектелген операциялардын кайра башталышына уруксат берди. Бирок БУУ мунун "таасиринин аз болгондугун" айтууда.
/ AA

 Газа тургундары курчоо астындагы  бул жээк аймакта олуттуу тамак  - аш кыйынчылыгы менен бетме бет. Израилдин 600 күндөн ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кыйратуучу кол салууларынан улам аймак калкы чоң кыйынчылыктарды жашап жатат.

Ачкачылык барган сайын күч алып, жүздөгөн чарасыз палестиналык шаршемби күнү тамак  - аш издөө үчүн БУУга таандык бир кампага агылды.

Бир күн мурда Израил аскерлери Израил менен АКШ колдогон талаштуу жаңы фонд тарабынан курулган жардам бөлүштүрүүчү жайда чогулган элге ок аткан.

Палестиналыктар жана БУУ бул жаңы системаны четке кагып, Газадагы 2 миллиондон ашык ачка адамдын муктаждыктарын канааттандыра албай тургандыгын билдирди. Өткөн жумага чейин Израиль Газага үч айга жакын тамак-аш жана башка материалдардын киришине бөгөт коюп, бул кыйратуу кампаниясын уланткан.

Бул Газадагы жаңы бөлүштүрүү системасы аркылуу тамак-аш алууга аракет кылы, 15 мүнөттүк коркунучту баяндаган палестиналык кишинин окуясы. Шахаде Хижази эртең менен эрте ойгонду.  Газада АКШ жана Израилдин колдоосу менен иштеген талаштуу фонд тарабынан башкарылган жаңы бөлүштүрүү пунктунан тамак-аш пакетин алуу үчүн эң жакшы  мүмкүнчүлүктүн ушул экендигин ойлоду.

Миңдеген башка адамдар да ач калган үй-бүлөлөрүн багуу үчүн дал ушундай ойдо болушкан. Хижази аймактын түштүк четинде жайгашкан, тургундар жок аскердик аймакка 7 чакырым басып барып ал жерде башаламандыкты көрдү. Адамдар тикен зым, топурак тосмолор жана көзөмөл пункттары менен курчалган аймактын сыртында көптөгөн саат күтүшүп араларында чыр – чатак чыкты.

Эшиктер ачылганда, эл жердеги жыгач поддондорго үйүлгөн жүздөгөн кутуларды көздөй чуркап жөнөштү. Хижази Израилдин БУУнун ордуна Газанын ач адамдарын багуу үчүн милдеттендирген атайын Газа гуманитардык жардам фонду тарабынан башкарылган борбордо 15 мүнөт бою башынан өткөргөн үрөй учурган окуяны  айтып берди.

Израиль аскерлери калың элди «көзөмөлгө алуу» максатында ок атты. Хижазинин 23 жаштагы тууганы бутунан жаракат алды. Тамак  - аш алууну унутуп жандарын сактап калуу үчүн качышты. «Көп ок атылды...Айланабызда кумдар учуп жатты»,- деди билдирди  Хижази Associated Press агенттигине.

 Жума күнү Хижази кайра кайткнадан мурда күтө турарын айтты бирок чоң үй – бүлөсүн  - азыркы учурда Хан Юнустун түштүгүндөгү бир жерде жер которгондор лагеринде бирге жашап жаткан  200гө жакын кишини тойгозууга аргасыз. «Үй-бүлөмдүн ачкадан өлүп жатканын көрүп тура албаймын", - деди 41 жаштагы Хижази.

Бул — Израилдин үч айга жакын убакыттан бери Газа тилкесине азык-түлүк жана башка керектүү материалдардын киришин токтоткон блокадасынын натыйжасында күчөп жаткан ачкачылык жана жетишсиз тамактануу менен күрөшүп жаткан жүз миңдеген палестиналык туш болгон чындык. Бир нече күбө Израиль аскерлеринин Гуманитардык Жардам Фондунун борборлорунда ок аткандыгын билдирди.

Хан Юнустагы Насер ооруканасында жарадарларды дарылаган доктор Ахмед эл-Феррахтын айтымында, бул аймактарда кеминде алты адам каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алган. "Бул атайылап жасалган акылсыздык жана кемсинтүү", - деди Хижази.

БУУ жана башка жардам уюмдары Гуманитардык Жардам Фондунун системасына кошулууну четке кагып мунун гумантардык принциптерди бузгандыгын белгилешти. Жардамдардын Израилдин көзөмөлүнө киргендигин жана Газанын калкын түштүккө көчүрүүнү максат кылган пландарын ишке ашыруу үчүн колдонулгандыгын айтышууда.

БУУнун маалыматы боюнча, Газадагы абал согуш башталгандан бери эң оор абалга жетти. Жардамдын чектелген көлөмдө жеткирилиши ачарчылыкты токтотууга жетишсиз болуп жатат.

БУУнун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, ачка адамдар жардамдын агымы аз болгондо жана Израилдин аскердик чектөөлөрүнөн улам жардам кампаларына кол салышат. БУУ жардам агымы жакшы болгондо мындай чабуулдардын дээрлик болбой тургандыгын билдирди.

БУУ жума күнү жасаган билдирүүсүндө, Израилдин 19 ай мурун баштаган согушунан кийин Газадагы абалдын азыркы эң начар деңгээлде экендигин билдирди. Палестина аймагында ачарчылык коркунучу жаралып, чектелген жардам жеткирүүлөр кайра башталганына карабастан, абал өзгөргөн жок.

Иликте
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө
Иран Төңкөрүш гвардиясы: "Перс булуңунда мунай ташып бараткан төрт кемеге сокку урулду"