ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израиль кабинети Трамптын Газа келишимин бекитти: ок атышпоо жана туткун алмашуунун жолу ачылды
АКШ, Түркия, Катар жана Египеттин ортомчулугу жана кепилдиги менен түзүлгөн келишим, курчоодогу Газада эки жылдан бери уланып жаткан Израилдин геноцидин токтотууга багытталган биринчи комплекстүү аракет болуп саналат.
Израиль кабинети Трамптын Газа келишимин бекитти: ок атышпоо жана туткун алмашуунун жолу ачылды
Израилдин аскерлери Израилдин түштүгүнөн көрүнүп тургандай Газа чек арасына жакын жылып жатышат, Бейшемби, 9-октябрь, 2025-жыл.
10 Октябрь 2025

Израилдин министрлер кабинети Газадагы ок атышпоо келишимин бекитип, процесстин биринчи баскычын баштады. Келишимге ылайык, Израиль Газада кармалып турган израилдик туткундар үчүн жүздөгөн палестиналык туткунду бошотуп, өз аскерлерин аймактын айрым бөлүктөрүнөн чыгарып, күн сайын жүздөгөн гуманитардык жардам ташыган унаалардын Газага киришине уруксат берет.

Израилдин министрлер кабинетинде жума күнү эртең мененки добуш берүү Израиль менен Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму Хамастын ортосунда бейшемби күнү күчүнө кирген тарыхый ок атышпоо келишиминен кийин болду.

Израиль өкмөтү берген билдирүүсүндө:"Нетаньяху жетектеген өкмөт Газа тилкесиндеги салгылашууларды токтотуу жана бардык туткундарды (Газадагы израилдик туткундарды) кайтаруу келишимин жактырды",-деп билдирди.

Жергиликтүү малымат каражаттарынын билдиргенине караганда, министрлер кабинетинин жыйыны президенттик аппараттын башчысы Эйал Замирдин коопсуздук боюнча брифинги менен башталды. Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер геноцидчи Нетаньяху менен жолугушууларын аяктагандан кийин жыйынга катышышты.

Жолугушуу бир нече саат кечигүүдөн кийин болду; андан кийин өткөн Коопсуздук министрлер кабинетинин мурдагы сессиясы Трамптын 20 пункттан турган Газа тынчтык планы боюнча добуш берилбестен аяктаган.

Израилдин коомдук телеканалы Кан, өкмөттүн келишимди жактырганын, бирок ашкере оңчул министрлер Итамар Бен-Гвир, Безалел Смотрих, Йцхак Вассерлауф жана Амичай Элияхунун Трамптын планына каршы добуш бергенин билдирген «Газа согушуна толук чекит коюу» аттуу документти жарыялады.

«Биз Газадагы согушту токтоттук»

Түркия, Египет, Катар жана АКШнын ортомчулугу менен Египеттин Кызыл деңиз жээгиндеги Шарм-эль-Шейх шаарында төрт күнгө созулган кыйыр сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышууну токтотуу келишими бейшемби күнү таңга маал жарыяланды.

Пландын экинчи этабы Газада Хамассыз жаңы башкаруу механизмин түзүүнү, палестиналыктар, араб жана ислам өлкөлөрүнөн келген аскерлерден турган коопсуздук күчтөрүн түзүүнү жана Хамасты куралсыздандырууну карайт.

Араб жана мусулман өлкөлөрү планды колдой турганын билдиришти.

Израиль да, Хамас да биринчи этапка берилгендиктерин тастыкташты. Бул биринчи этап үч негизги пунктка негизделген: туткундарды алмашуу, Израиль армиясынын белгиленген сызыктарга чегинүүсү жана көп жылдык блокададан кийин Газага өтө зарыл гуманитардык жардамдын кириши.

Хамас биринчи алмашуунун алкагында 20 израилдик туткун бошотулуп, анын ордуна 2 миңге жакын палестиналык туткун эркиндикке чыгарын билдирди. Алардын арасында өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиналык жана согуш башталгандан бери камакта отурган, көбү аялдар жана балдар болгон 1700 адам бар. Алмашуу келишим күчүнө киргенден кийинки 72 сааттын ичинде ишке ашырылышы күтүлүүдө.

29-сентябрда жарыяланган 20 пункттан турган план бардык израилдик туткундарды бошотууну, палестиналык туткундар менен алмашууну, ок атышууну токтотууну, Хамасты куралсыздандырууну жана Газаны кайра курууну камтыйт.

Бейшемби күнү Трамп АКШ жана башка ортомчулардын Израилдин Газадагы согушун токтотууга жардам бергенин жарыялады. Ал израилдик туткундар дүйшөмбү же шейшемби күнү бошотуларын жана Египетте өткөрүлө турган кол коюу аземине катышууну каалаганын билдирди.

Трамп: «Биз Газадагы согушту токтоттук», – деп, мунун «туруктуу тынчтыкка» алып келерин кошумчалады.

ХАМАСтын башкы сүйлөшүүчүсү Халил аль-Хайя палестиналык каршылык көрсөтүүчү топтун АКШ, араб ортомчулары жана Түркиядан Израилдин Газадагы геноциддин түбөлүк токтотулгандыгы боюнча кепилдик алганын билдирди.

Ошол эле учурда, Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир бейшемби күнү эгер ХАМАС толугу менен жок кылынбаса, партиясынын премьер-министр Нетаньяхунун режимин кулатууга аракет кыларын эскертти.

АКШ аскердик тобу ок атышпоону көзөмөлдөйт

АКШнын жогорку мартабалуу жетекчилери бейшемби күнү билдирүү жасап, Газадагы ок атышууну токтотууну "көзөмөлдөө" максатында 200 аскерден турган АКШнын аскердик тобунун Жакынкы Чыгышка жайгаштырыла турганын билдиришти.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) башчысы адмирал Брэд Купер "алгач аянтта 200 кишиден турган топту" жетектейт.

Жогорку мартабалуу жетекчи журналисттерге берген билдирүүсүндө: "Адмирал Брэд Купердин милдети ок атышууну көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү жана эреже бузуулардын болбошун камсыз кылуу", - деди.

Египет, Катар, Түркия жана БАЭден аскердик жетекчилердин да топто болушу мүмкүн экендигин билдирди.

башка бир АКШ жетекчиси: «АКШнын аскерлеринин Газага кириши пландалган эмес»,- деп кошумчалады.

Иликте
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат
АКШ менен Сауд Арабия Калифорния чөлүндө биргелешкен аскердик машыгууну башташты