ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Киев менен Москва өз - өзүнчө ок атышпоо сунуштарын киргизип, кол салууда 21 украиналык каза болду
Киев сунуш кылган ок атышпоонун ишке киришине саатар калып жалпы Украинада кеминде 21 жаран каза болду.
Киев менен Москва өз  -  өзүнчө ок атышпоо сунуштарын киргизип, кол салууда 21 украиналык каза болду
Сунушталган ок атышууну токтотуунун алдында Украинанын шаарларына кандуу соккулар урулду. / Reuters

Жетекчилердин билдиргенине караганда орус кол салуулары жалпы УЦкраинада 21 кишинин өлүмүнө жол ачты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва жетекчилигин сындап, 9-майдагы аскердик параддын алдында ок атышууну токтотууну талап кылып жаткан учурда да чабуулдар уланып жатканын билдирди.

Шейшемби күнү Запорожье, Краматорск жана Днепр шаарларына жасалган чабуулдар Украина сунуштаган ок атышууну токтотуу жарыясына бир нече саат калганда ишке ашты.

Запорожьедеги чабуулда 12 адам каза болду. Зеленский бул чабуулдун «эч кандай аскердик негизи жок экендигин» белгиледи.

Шейшемби күнкү кол салуулардан кеминде 70 адам жаракат алды, бийлик муну акыркы жумалардагы эң кандуу окуя деп мүнөздөдү.

Шейшемби күнү кечинде Днепр шаарына да кол салуу болуп, төрт жаран каза болду; Краматорск шаарынын борборуна жасалган кол салуудан дагы бешөө каза болду.

Ок атышууну токтотуу учурундагы кол салуулар

Зордук-зомбулуктун ортосунда Зеленский жарыялаган ок атышууну токтотуу жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымында күчүнө кирди.

Ошол эле Россия тарабынан жарыяланган 8-9-Май Жеңиш күнүнө карата ок атышууну токтотуу эки күн мурда башталды.

Зеленский 6‑майдагы ок атынууну токтотууну: "адам өмүрү ар кандай майрамдан да кымбат" деп жарыялады.

Украинанын президенттик аппаратынын башчысы Кирилл Буданов шейшемби күнү Киевдеги ок атышууну токтотуу "тынчтыкка болгон чыныгы каалоону" чагылдырганын билдирди.

Россиянын Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүн белгилөө учурундагы ок атышууну токтотуу талабын четке каккан Зеленский: «Бизге жымжырттык керек... бир нече сааттык «майрамдоо» үчүн эмес, күн сайын», — деди.

Москва 8-9-май күндөрү ок атышууну токтотууну жарыялап, Россиянын Коргоо министрлиги коопсуздукту камсыздоо үчүн «зарыл болгон бардык» чараларды көрөрүн билдирди. Ошону менен бирге, майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учурай турган болсо «чоң масштабдагы» жооп кайтаруучу ракеталык чабуул жасала турганын эскертти.

Бир тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Россиянын өтүнүчү менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу карым - катнаштар жана согуш тууралуу талкуулашты.

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек