Түркия, Пакистан, Сауд Арабиясы жана Египет биргелешкен билдирүүсүндө Сауд Арабиясына каршы уланып жаткан хуситтердин кол салууларын, анын ичинде Эр-Рияддагы Король Халид эл аралык аэропортуна жасалган кандуу чабуулду айыпташты.
Жекшемби күнү R4 тобу тарабынан жарыяланган билдирүүдө, чабуулдар карапайым тургундардын өлүмүнө жана жаракат алышына, ошондой эле жарандык инфратүзүмгө жана жайларына зыян келтирилгени айтылып, бул эл аралык укукту ачык бузуу болуп саналаары баса белгиленди.
Билдирүүдө кол салуулар "Сауд Арабиясынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн олуттуу бузгандыгы, өлкөнүн коопсуздугуна, туруктуулугуна жана жайкын тургундардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтиргени" маалымдалды.
Төрт өлкө чабуулдарды "эч кандай шартта кабыл алууга мүмкүн болбогон кооптуу чыңалуу" деп мүнөздөштү.
Сауд Арабиясы менен тилектештигин кайталаган өлкөлөр, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун алкагында кол салууларга каршы туруу, коркунуч булактарын токтотуу жана ушул сыяктуу кол салуулардын кайталанышына жол бербөө үчүн Эр-Рияд өкмөтү жасай турган бардык мыйзамдуу кадамдарды толук колдой тургандыктарын билдиришти.
Билдирүүдө хуситтер кол салуулардын кесепеттери жана аймак менен эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген ар кандай ыктымалдуу окуялар үчүн "толук жоопкерчиликтүү" болору кошумчаланды.
R4 тобу кол салууларды "тез арада жана шартсыз токтотууну" талап кылды.




















