ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
"АКШ ракета запастарын чоң өлчөмдө жоготту; келечекте кыйынчылык тартышы мүмкүн"
CNN телеканалынын маалыматы боюнча, АКШ Иран менен болгон согушта так сокку уруучу ракеталарынын 45 пайызын, THAAD алдын алуучу ракеталарынын кеминде 50 пайызын жана Патриот абадан коргонуу ракеталарынын болжол менен 50 пайызын колдонгон.
"АКШ  ракета запастарын чоң өлчөмдө жоготту; келечекте кыйынчылык тартышы мүмкүн"
Пентагондун өкүлү Шон Парнелл аскерлерде "Президент тандаган убакта жана жерде тапшырманы аткаруу үчүн бардык керектүү каражаттар бар" деп билдирди. / Reuters

CNN шейшемби күнү билдиргендей, АКШ армиясы Иран менен болгон согуш учурунда негизги ракета запастарын "маанилүү өлчөмдө колдонгон" жана келечектеги кагылышууларда запастардын жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) жаңы анализине ылайык, АКШнын аскерлери жети жумалык согуш учурунда так сокку уруучу ракеталарынын болжол менен 45%, THAAD алдын алуучу ракеталарынын кеминде 50% жана Патриот абадан коргонуу ракеталарынын дээрлик 50% колдонгон.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүчтөр Пентагондун жашыруун болжолдоруна абдан жакын.

Кабарда өзгөчө АКШ армиясынын Tomahawk ракеталарынын болжол менен 30%ын, аба-жер классындагы алыс аралыкка атуучу биргелешкен ракеталарынын 20%дан ашыгын, ошондой эле SM-3 жана SM-6 ракеталарынын болжол менен 20%ын колдонгону белгиленди.

Пентагон жыл башында ракета өндүрүшүн көбөйтүү боюнча келишимдерге кол койгонуна карабастан өндүрүш кубаттуулуктар арткан күндө да бул системалардын запастарын кайра толтуруу үчүн үч жылдан беш жылга чейин убакыт талап кылынат.

Кабарда ансыз да морт болгон ок атууну токтотуу келишими кыска мөөнөттө ишке ашпаса, АКШнын Иранга каршы операцияларды улантуу уланта ала турганчалык ок - дарыга ээ экендиги белгиленди.

Бирок кабарда, негизги курал запастарынын эми Кытай сыяктуу жакын атаандаш менен кагылышууга жетишсиз экени жана буларды согушка чейинки деңгээлге алып келүү үчүн бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн экени белгиленди.

CSIS отчетунун авторлорунун бири, АКШнын деңиз жөө аскерлеринин отставкадагы подполковниги Марк Канчиан CNN телеканалына: "Ок-дарылардын көп чыгымдалышы Батыш Тынч океанында аялуу абалды жаратты. Бул запастарды толуктоо бир жылдан төрт жылга чейин, андан кийин аларды керектүү деңгээлге жеткирүү үчүн дагы бир нече жыл талап кылынат", - деп билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл CNN телеканалына берген билдирүүсүндө аскерлер "президент тандаган убакта жана жерде операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү нерселердин баарына ээ" деп айтып, мындай деп кошумчалады: "(Дональд) Трамп президенттик кызматка киришкенден бери, биз элибизди жана кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн АКШ армиясынын кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун камсыз кылуу менен бирге, ар кандай согуштук командирликтердин алкагында көптөгөн ийгиликтүү операцияларды ишке ашырдык".

Иликте
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду