ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
АКШ менен Ирандын ортосундагы кайрадан чыңалуу туруксуздукту тереңдетип, маанилүү энергетикалык жана деңиз транспорту жолдорун үзгүлтүккө учуратуу коркунучун туудургандыктан, Анкара аймактык дипломатиялык аракеттерин күчөтүүдө.
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен БАЭнин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян телефон аркылуу аймактык жана глобалдык окуяларды талкуулашты. (AA)

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация директорлугунун NSosyal эсебинен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдөТүркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Президент Эрдоган Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы кызматташтыктын коргонуу өнөр жайы жана экономика сыяктуу көп тармакта улана турганын белгилеп, карым-катнаштарды жакшыртуу үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

Эрдоган Түркиянын аймактагы Иран-АКШ тирешүүсү жана ушул сыяктуу кагылышуу процесстерин токтотуу үчүн аракет кылып жатканын, тынчтыкты көздөгөн дипломатиялык демилгелердин улана турганын, аймактагы боордош өлкөлөргө кол салууларды эч качан жактырбай турганын айтты.

Президент Эрдоган эки өлкөнүн кызматташтыгынын башка аймактык темаларда да маанилүү экенин белгиледи.

Түркия АКШ—Иран кагылышуусунан дипломатиялык жол менен чыгууну көздөйт

Анкара кагылышуу башталгандан бери Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы диалогду жактоочу катары позициясын бекемдеп, эки тарап жана аймактагы өкмөттөр менен байланышын улантууда.

Эрдоган май айында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, Египет, Сауд Арабия, Иордания, Бахрейн жана Пакистандын лидерлери да катышкан жогорку деңгээлдеги телеконференцияга катышкан. Бул сессияларда Иранга тиешелүү окуялар талкууланды.

Эрдоган талаш-тартыштарды диалог жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырып, Түркия Вашингтон менен Тегерандын ортосунда кандай гана келишим болбосун ишке ашырууну колдоого даяр экенин айтты.

Эрдоган андан кийин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугуп, АКШ-Иран процессинин тынчтык менен бүтүшү үчүн Түркиянын ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Июнь айында АКШ менен Ирандын ортосунда убактылуу келишим жарыяланганда, Эрдоган муну кагылышууну токтотуу үчүн жасалган маанилүү кадам катары сыпаттады жана Түркия бул кризистин бардык мезгилинде «биринчи кезекте дипломатия» мамилесин сактаганын айтты.

Иликте
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Ферганинин алтынчы спутниги FRG-100D4 орбитасына ийгиликтүү жайгашты
Көрүнбөгөн фронт: Түркиянын электрондук согуш мүмкүнчүлүктөрү
Чанкырыдагы Япраклы жайлоосу күздүн түстөрүнө бөлөндү
TRT World Forum 6 - 7-ноябрда Стамбулда өтөт
Тышкы иштер министри Фидан Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Рютте менен жолугушту
Түркия, Катар, Пакистан жана Индонезия коргоо өнөр жайы келишимине кол коюшат
Түркия менен Бельгиянын ортосундагы чек ара кылмыштарына каршы күрөштө жаңы доор башталды
Стамбул аэропорту "дүйнөнүн эң жакшысы" деп таанылды
Президент Эрдоган: «Биз өлкөбүздү аймагыбыздагы чыр-чатактардан алыс кармадык»
Министр Фидан сауд кесиптеши менен сүйлөштү
Түркия Диянет Фонду Керкүктөгү муктаж балдарга жардам көрсөттү
Түркия Канаданын аскердик базасындагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты
Президент Эрдоган Азербайжанды Эгемендик күнү менен куттуктады
Түркиянын Бакудагы элчилиги министр Фиданга айып тагууларды четке кагууда
Президент Эрдоган: "Бүгүн энергетика тарыхыбызда жаңы барак ачып жатабыз"
Түркиянын алгачкы калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы «Көгүлтүр мекенге» жол алат
Түркия 2027-жыл үчүн коргонуу жабдууларын сатып алууну 229 пайызга көбөйтөт