ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Ормуз кысыгы кризиси улантылууда, Түркия Сауд Арабиясы менен транзиттик сооданы баштап жатат
Түркия Республикасынын Соода министри Өмер Болат стратегиялык суу жолу аркылуу өтө албаган продукциялардын альтернативдүү логистикалык каналдар аркылуу багытталганын билдирди.
Ормуз  кысыгы кризиси улантылууда, Түркия Сауд Арабиясы менен транзиттик сооданы баштап жатат
Согуш кеме каттамын токтоткондуктан, Түркия аймактык экспортун Сауд Арабиясы аркылуу багыттайт. / AA

Соода министри Өмер Болат Түркиянын Ормуз кысыгындагы үзгүлтүктөрдөн улам аймак өлкөлөрүнө жеткирүүлөрдү улантуусу үчүн Сауд Арабиясы менен транзиттик сооданы баштаганын жарыялады.

Анкарада өткөрүлгөн салтанатта сөз сүйлөгөн министр Болат стратегиялык суу жолу аркылуу өтө албаган продукциялардын альтернативдүү логистикалык каналдар аркылуу багытталаарын айтып, Сауд Арабиясы менен түзүлгөн келишим менен транзиттик сооданы баштагандарын белгилеп: "Муну менен Ормуз кысыгы аркылуу өтө албаган продукциялардын айрымдарын куурлар аркылуу, айрымдарын кургактык транспорту менен аймак өлкөлөрүнө ташууну улантабыз", - деди.

Болат келишимдин алкагында транзиттик визалардын берилип баштаганын тастыктап, мунун Перс булуңундагы соода агымдарын улантууга жардам берерин кошумчалады.

Альтернативдүү багыттар

Болат февраль айынын аягында АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунун башталганына токтолуп: «Энергетикалык ресурстар жабылды. Ормуз кысыгынын жабылышы кайра иштетилген мунай продуктуларынын олуттуу бөлүгүн ташылбай турган абалга алып келди. Нефтехимиялык продукциялар, химиялык заттар жана жер семирткичтер сыяктуу продукцияларда да олуттуу көйгөйлөр жаралды", - деди.

Министр өкмөттүн экономикалык кызыкчылыктарга зыян келтирбөө үчүн иштеп жатканын баса белгиледи.

Түркиянын логистикада олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеген министр Түркиянын учурда 112 миллиард долларлык логистикалык тармагы бар экенин айтты.

Болат айыл чарбасы боюнча Түркиянын жетиштүү запасы бар экенин жана быйыл рекорддук өндүрүштү күтөрүн билдирди.

Министр өзгөчө : «Айыл чарбасындагы камсыздоо көйгөйлөрүн алдын алуу үчүн биз жер семирткичтердин жетиштүү запасын топтодук. Экспортту каттап, импортто бажы алымдарын нөлгө түшүрдүк», - деп кошумчалады.

Иликте
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды