ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Израилдин Газа жана Батыш Шериага жасаган чабуулдарын күчөткөнүн баса белгиледи
Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мусулмандар ыйык Рамазан айы кубанычын жашап жаткан учурда, Израиль өкмөтү чабуулдарын күчөткөнүн айтты.
Эрдоган  Израилдин Газа жана Батыш Шериага жасаган чабуулдарын күчөткөнүн баса белгиледи
Эрдоган гуманитардык жардамдын Газага киришине олуттуу тоскоолдуктар калууда деди. / AA

Эрдоган шаршемби күнү Анкарада ыйык Рамазан айына карата берилген ооз ачуу (ифтар) тамагында: «10-октябрда биздин да аракеттерибиз менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишимине карабастан, мыйзам тааныбаган Израиль өкмөтү Газага жана Батыш Шерия чабуулдарын күчөтүү менен улантууда», — деди.

Режеп Таййип Эрдоган Газада Рамазан айында убактылуу баш калкалоочу жайларда ооз ачып жаткан палестиналыктардын «зулумга моюн сунбастан», мусулмандар үчүн ишенимдин үлгүсүн көрсөтүп жаткандарын айтты.

Эрдоган аймакка гуманитардык жардамдын киришине олуттуу тоскоолдуктардын уланып жаткандыгын да кошумчалады.

Президент: “Газанын өмүр булагы болгон Рафах чек ара капкасындагы чектөөлөр, зордук - зомбулуктар жана Израилдин өзүм билемдик аракеттери тилекке каршы улантылууда”,- деди.

Палестина менен тилектештик

Эрдоган бул ыйык күндөрдүн эң башта Палестинанын баатыр балдары болгон дүйнөнүн төрт тарабында өз намысын, кадыр-баркын жана эркиндигин коргоо үчүн күрөшүп жаткан бардык эзилгендердин кутулуусуна, эңсеген тынчтыкка жетүүсүнө себеп болушун тилеп: "Көңүд жана маданият географиябыздын ар бир бурчундагы боордошторубузга бул жерден салам жолдоп, дубаларыбыз алар менен бирге экенин билдирем", - деди.

Израиль 2023-жылдын 8-октябрында Газага тынымсыз чабуул жасап, көпчүлүгү аялдар менен балдардан турган 72 000ден ашуун адам каза болду жана 171 000ден ашуун адам жаракат алды.

АКШ колдогон ок атышпоо келишими 10-октябрда Газада күчүнө кирди.

Бирок, ок атышууну токтотууга карабастан, Газанын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айтымында, Израиль күчтөрү артиллериялык ок ​​атуулар жана куралдуу кол салуулар менен жүздөгөн эреже бузууларды жасап, кеминде 615 адамды өлтүрдү жана1600дөн ашык адамды жарадар кылды.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди