Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Түркиянын Eurofighter Typhoon учактарын сатып алуу чечимине канааттанганын билдирип, Газада тынчтык орнотуу аракеттери үчүн Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Канцлер Мерц: Германия Түркиянын Европа Биримдигине кошулушун каалайт

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Берлиндин Түркияны Европа Биримдигинде көргүсү келгенин айтып, Түркиянын тышкы саясаттагы ролун баса белгиледи.

Мерц бейшемби күнкү билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдоганга бул тема боюнча Европа деңгээлинде стратегиялык диалог баштоону каалаганын айтканын жана алар Копенгаген критерийлерин талкуулашканын маалымдады.

Президент Эрдоган болсо Түркия Копенгаген критерийлери менен бааланса, Анкаранын Европа жана дүйнөгө мамилесин аныктаган өзүнүн “Анкара критерийлери” бар экенин айтты.

Түркияга канцлер катары биринчи жолу келген Мерц Анкарада Эрдоган менен өткөргөн басма сөз жыйынында: "Биз бул талкууларды келечекке багытталган түрдө уланткыбыз келет", - деди.

Дүйнө “ири державалар глобалдык саясатты калыптандыра турган жаңы геосаясий этапка киргенин” белгилеген Мерц “Немистер жана европалыктар катары биз стратегиялык өнөктөштүгүбүздү тереңдетишибиз керек жана Түркия бул процесстен четтетилиши мүмкүн эмес”, – деп кошумчалады.

"Түркия бизди кызыктырган бардык тышкы саясат жана коопсуздук маселелеринде абдан маанилүү актёр", - деген Мерц, Германиянын коопсуздук саясаты темасында Түркия менен тыгызыраак кызматташаарын убада кылып.

Газада тынчтык

Газадагы кырдаал да талкууланганын маалымдаган Мерц “Туткундардын бошотулушу жана ок атышпоо боюнча жетишилген прогресс абдан позитивдүү. Биринчи жолу узак мөөнөттүү тынчтык үчүн үмүт бар”, – деди.

Газага тынчтык орнотуудагы ролу үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирген Мерц “Бул процесс Түркия, Катар, Египет жана АКШсыз мүмкүн болмок эмес. Муну ишке ашырганыңыз үчүн рахмат”, – деп кошумчалады.

Германия тынчтыкты сактоо үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын баса белгилеген Мерц, немис офицерлери биринчи жолу Израилдин түштүгүндөгү жарандык-аскердик борборго жайгаштырылганын айтты.

Германиянын Израилди колдоосу Холокосттон келип чыккан күнөө сезимине негизделгенби деген суроого Мерц “Федералдык өкмөт Израилди түптөлгөндөн бери колдоп келет. Израиль Холокосттон аман калган миллиондогон жөөттөр үчүн баш калкалоочу жай болуп келген. Германия ар дайым Израилди колдойт. Бул ар бир өкмөттүн чечимин сынга албай колдойт дегенди билдирбейт; мурунку өкмөттөр да тынчсызданууларын билдирген”, – деп жооп берди.

Eurofighter Typhoon

Мерц Түркиянын Eurofighter Typhoon учактарын сатып алуу чечимине канааттанганын билдирди.

“Бир темада бирдей пикирдебиз: Бул учактар биздин жалпы коопсуздугубузга кызмат кылат. Стратегиялык диалогду кайрадан баштайбыз жана мурда айтылган Eurofighter учагын сатып алуу сыяктуу коопсуздук саясаты боюнча тыгыз кызматташабыз”, – деп кошумчалады.

Түркия менен Германиянын ортосундагы Эмгек келишиминин 64 жылдыгы менен да куттуктаган Мерц Германияга иштөө үчүн келгендерге ыраазычылыгын билдирип: “Бул адамдарсыз Германия 60 жыл мурункудай экономикалык өнүгүүгө жетише алмак эмес”, – деди.

Европада ксенофобиянын күчөп жаткандыгы тууралуу суроого жооп берген Мерц Германия жана Европа “анын себебине карабастан” бул абалга каршы күрөшүп жатканын белгилеп, Германия бардык адамдарды динине же улутуна карабастан коргоого милдеттүү экенин айтты.