ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
ЮНИСЕФ: Газада күн сайын 28 бала каза болууда
БУУнун агенттиги Израилдин Газага каршы геноциддик согушунун көзөмөлсүз уланып жаткандыгын, бомбалоолордон, ачарчылыктан жана жардамдын жетишсиздигинен балдардын өлүмү көбөйүп жатканын эскертти.
ЮНИСЕФ: Газада күн сайын 28 бала каза болууда
/ AA

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Израилдин уланып жаткан кол салуулары жана гуманитардык жардамдардын толук блокадаланышынан улам Газада күн сайын орто эсеп менен 28 баланын каза болгонун жарыялады.

Дүйшөмбү күнү ЮНИСЕФ X платформасында жарыялаган билдирүүсүндө: "Жардыруулардан болгон өлүм. Жетишсиз тамактануу жана ачарчылыктан өлүм. Жардамдардын жана маанилүү тейлөөнүн жетишсиздигинен өлүм. Газада күн сайын бир классты толтурган тактап айтканда 28 бала каза болууда",- деп билдирди.

ЮНИСЕФ тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана согушту токтотууга чакырып, Газадагы балдардын тамак-ашка, таза сууга, дары-дармекке жана коргоого абдан муктаж экенин баса белгилеп: «Эң башкысы, аларга ок атышпоо керек, ДАРОО АЗЫР», - деп билдирди.

Израилдин Газадагы геноциди

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль Газада геноцид жүргүзүүдө.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул убакка чейин болжол менен 61 миң палестиналык каза болду, алардын жарымына жакыны аялдар жана балдар, он миңдегени жарадар болду.

Согуш Газанын ден соолук жана гигиеналык инфраструктурасын талкалап, дээрлик бардык ооруканаларды жабууга мажбур кылды жана аймакты ачарчылыктын босогосуна алып келди. Жардам берүү уюмдары Израилдин чек арадан өтүүдөгү чектөөлөрүнөн улам азык-түлүк, дары-дармек жана күйүүчү май ташууга олуттуу тоскоолдуктардын жаралып жаткандыгын айтышууда.

Эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыгы күчөгөнүнө карабастан, Израиль геноцидди улантууда.

ЮНИСЕФ жана башка гуманитардык уюмдар зордук-зомбулук токтобосо, Газадагы балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү дагы өсө тургандыгын эскертүүдө.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды