Трамп АКШнын Ирандан 2 - 3 жуманын ичинде чыга турганын белгиледи

Администрация Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тоскоол болуу максатында аскердик операция жолу менен ансыз да ишке ашканын билдирди.

By
Трамп Ирандагы операциялар аяктап баратканын билдирүүдө. / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Америка күчтөрүнүн “2 - 3 жуманын ичинде” Ирандан чыгарын айтып, уланып жаткан кол салуунун токтой турганын билдирди.

Трамп Ак үйдө журналисттерге берген билдирүүсүндө : “Жасашым керек болгон бир гана нерсе Ирандан чыгуу жана муну жакында аткарабыз”,- деди.

Чыгуу процесси “балким эки, балким үч жуманын” ичинде болорун белгилеген Трамп: “Жакында чыгып кетебиз”,- деп кошумчалады.

Администрациянын Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тоскоол болуу максатынын ишке ашканын айткан АКШнын президенти: “Алардын өзөктүк куралы болбойт. Бул максат аткарылды”,- деди.

Трамп өзгөчө АКШнын соккулары Ирандын аскердик потенциалын олуттуу түрдө алсыратканын жана Тегерандын муну кайра калыбына келтирүүсү үчүн "15 жылдан 20 жылга чейин" убакыт талап кылынарын белгиледи. “Жакында ал жерден чыгабыз. Эгерде Франция жана башка бир өлкө мунай же газ алууну кааласа Ормуз кысыгынан өтөт. Алар өздөрүн өздөрү камсыздай алышат. Негизи бул абдан коопсуз болот деп ойлойм, бирок мунун бизге эч кандай тиешеси жок", — деди АКШ президенти.

Иран бийлигинин маалыматына караганда АКШ менен Израиль 28-февралдан бери Иранга каршы абадан сокку уруп, 1340тан ашык адам каза болду.

Иран Израилге, ошондой эле АКШнын аскердик объекттери жайгашкан Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы мамлекеттерге каршы дрон жана ракеталык чабуулдар менен жооп кайтарды.

Расмийкөрсөткүчтөргө ылайык, согуш башталгандан бери кеминде 13 АКШ аскердик кызматкери каза болду.

Кагылышуу энергия бааларынын жогорулашына алып келип, дүйнөлүк мунай ташуунун олуттуу бөлүгү өтүүчү стратегиялык жол болгон Ормуз кысыгы аркылуу деңиз транспортун үзгүлтүккө учуратты.