ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын ракета жана дрон чабуулдарынан Украинада тогуз адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды
Владимир Зеленскийдин Россия жаңы жана чоң кол салууга даярданып жаткандыгы тууралуу эскертүүсүнөн бир нече күн өткөндөн кийин Киев, Днепр жана Харьков шаарларына сокку урулду.
Россиянын ракета жана дрон чабуулдарынан Украинада  тогуз адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды
Орусиянын Украинага кол салуусу маалында түн ичинде жасалган ракеталык жана дрондук соккудан кийин жабыркаган турак үй. Киев, Украина, 2-июнь, 2026-жыл. / Reuters

Москва 2022-жылы чабуулун баштагандан бери Украинаны дээрлик күн сайын бомбалап, Киевдин жооп кайтаруусуна себеп болууда. Экинчи Дүйнөлүк согушунан бери Европада юолгон бул эң кандуу кагылышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калды.

Журналисттер Украинанын борбору Киевде жарылуу үндөрүн угуп, ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Россиянын баллистикалык ракеталык чабуулдарды жасап, айрым аймактарда өрт чыгып, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришти.

Шаардын мэри Виталий Кличко "душмандын массалык чабуулунан" төрт адам каза болуп, кеминде 58 адам, анын ичинде эки баланын жаракат алганын билдирди.

Кличко буга чейин "Шаарда жарылуулар болуп жатат. Абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат! Баш калкалоочу жайларда болгула!" деп эскерткен.

AFP журналисттеринин маалыматы боюнча, шаардын борборунан чоң түтүн көтөрүлүп, тургундар баштыктарын, жууркандарын алып баш калкалоочу жайларга чуркашты.

"Душман баллистикалык ракеталар менен чабуул жасап жатат", - деди Киев шаардык аскер администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко.

Ар кандай аймактарда ракеталар менен дрондор колдонулган, адам өмүрүн алган кол салуулардын катталганы маалымдалды.

Днепрдин губернатору Александр Ганжа шаардагы орус чабуулдарынын натыйжасында беш адам каза болуп, 25 адам жаракат алганын, алардын үчөө оор абалда экенин билдирди.

Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, шаардагы чабуулдан он адам, анын ичинде бир бала жаракат алган.

Украинанын аба күчтөрү ракета коркунучу жөнүндө эскертүү жарыяласа, Киев бийлиги Украина аба мейкиндигинде дрондордун учканы тууралуу эскертти.

Чабуулдардын ортосунда Польшанын аба күчтөрү Хтен Польшанын аба мейкиндигин коргоо үчүн учактарды мобилизациялаганын жарыялады.

«Өз өмүрүңөрдү коргогула»

Бир тараптан облус губернатору Александр Хинштейндин айтымында, Украинанын чек арасына жакын Россиянын Курск аймагында украиналык дрондун соккусунан бир адам каза болду.

Украинага кол салуулар Зеленский жума күнү "Россия жаңы, ири масштабдуу чабуулга даярданып жатканы тууралуу чалгындоо маалыматтары бар" деп айтып, элди "өз өмүрүңөрдү коргогула" деген эскертүүсүнөн кийин болду.

Зеленский: "Сураныч, абадан эскертүүлөргө көңүл буруңуздар, өз өмүрүңүздөрдү коргоңуздар. Биздин кызматтар натыйжалуу жана жетиштүү деңгээлде иштеп жатат. Аба күчтөрү жана асманыбыздын башка коргоочулары ар дайымкыдай эле күнү-түнү (24/7) нөөмөттө болушат", — деди.

Украина президенти союздаштарынан орус баллистикалык ракеталарга бөгөт болууга жөндөмдүү Patriot ракеталарын жеткирүүгө уруксат берүү жана каржылоо талабын кайталады.

Өткөн аптада Зеленский АКШнын президенти Дональд Трампка жана АКШ Конгрессине жазган катында күчөп бараткан орус аба чабуулдарына каршы Patriot системаларын колдонууну да суранган.

Украина ошондой эле күн сайын орус бомбалоолоруна жооп катары оккупацияланган аймактарга жана Россияга карата чабуулдарын көбөйттү.

Иликте
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти