ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Израилдин флотилияга кол салуусу гуманитардык баалуулуктарды жана эл аралык укукту бузгандыгын билдирип, эл аралык коомчулукту бирдиктүү позиция көрсөтүүгө чакырды.
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Флотилия Израилдин блокадасындагы Газага деңиз аркылуу жардам коридорун ачууну көздөйт.

Түркия бейшемби күнү Израилдин Газага бара жаткан жардам флотилиясына каршы мыйзамсыз кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп сыпаттап, түрк жарандары жана кемедеги башка жүргүнчүлөр боюнча "бардык зарыл чаралар" көрүлүп жатканын маалымдады.

Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө: "Газадагы эзилгендер башынан өткөргөн гуманитардык апаатка көңүл бурууга аракет кылган Глобалдык Сумуд флотилиясына кол салуу менен Израиль гуманитардык баалуулуктарды жана эл аралык укукту бутага алды", - деди.

Израилдин бул агрессиясы эл аралык сууларда кеме жүрүү эркиндигин да бузгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, "Биз эл аралык коомчулукту Израилдин бул мыйзамсыз аракетине каршы бирдиктүү позицияны көрсөтүүгө чакырабыз", - деп кошумчаланды.

Билдирүүдө ошондой эле төмөнкүлөр камтылды: "Флотилиядагы жарандарыбыздын жана берки жүргүнчүлөрдүн абалы боюнча башка тиешелүү өлкөлөр менен биргеликте бардык зарыл чаралар көрүлүүдө".

Флотилия бейшемби күнү эртең менен жарыялаган билдирүүсүндө, Израилдин деңиз флоту кийлигишүү учурунда кемелердин кыймылдаткычтарын өчүрүп, навигациялык системаларын талкалап, жүздөгөн адамдарды айласыз калтырганын айтты.

Глобалдык Сумуд флотилиясынын уюштуруучу органы, Израилдин аскердик кемелери Грециянын Крит аралынын жанындагы эл аралык сууларда кербенди курчап, байланышка бөгөт койгонун жана 11 кеме менен байланышты үзгөнүн кабарлады.

400дөн ашык жаранды ташыган флотилия Газага гуманитардык деңиз коридорун ачып, курчоодогу аймакка жардам жеткирүүнү максат кылган. Газа 2007-жылдан бери Израилдин блокадасында.

2023-жылдын октябрында башталган Израилдин Газага каршы геноциддик согушу аймактагы кырдаалды ого бетер курчутту; бул кеминде 72 600 палестиналыктын өлүмүнө, 172 400дөн ашуун адамдын жаракат алышына жана жарандык инфраструктуранын болжол менен 90 пайызына таасир эткен кеңири кыйроолорго алып келди.

2025-жылдын октябрынан бери күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Израиль Газага чабуулдарын улантып, курчоодогу аймакка гуманитардык жардамдын киришин чектеп келет.

Иликте
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
АКШ Жакынкы Чыгыш үчүн коопсуздук эскертүүсүн жарыялады
Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан төрт палестиналык каза болду
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат