ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль 3 жылда Газа тилкесинде 9 миңден ашууну эне болгон 12 миң 500дөн ашуун аялды өлтүрдү
Батыш Шериада болсо өлтүрүлгөн 1216 адамдын 28и аял экени катталды.
Израиль 3 жылда Газа тилкесинде 9 миңден ашууну эне болгон 12 миң 500дөн ашуун аялды өлтүрдү
Израиль 3 жылда Газа тилкесинде 9 миңден ашууну эне болгон 12 миң 500дөн ашык аялды өлтүрдү (АРХИВ)

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 12 500дөн ашык аял, анын ичинде 9000ден ашык эне каза болду.

Палестина аялдар министрлиги жана Палестина статистика бюросу жыл сайын 26-октябрда белгиленүүчү Палестинанын Улуттук аялдар күнүнө карата биргелешкен жазуу жүзүндө билдирүү жасашты.

Билдирүүдө 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 12 500дөн ашык аялдын каза болгону, алардын 9000ден ашыгы энелер жана 42си журналисттер экени белгиленген.

Жарадар болгондордун 14% аялдар

Билдирүүдө ошол эле мезгилде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан жаракат алган 175 000 адамдын 14% аялдар түзөрү жана бул чабуулдарда 28 560 аял күйөөлөрүнөн айрылганы белгиленген.

Учурда Газада 50 000 кош бойлуу аял оор шарттарда кош бойлуулугун улантуу үчүн күрөшүп жатканы баса белгиленген билдирүүдө 2023-жылдын октябрынан бери аялдардын арасында 12 000 бойдон түшүү катталганы белгиленгенди.

Оккупациядагы Батыш Шериада 28 аял өлтүрүлдү

Билдирүүдө Газага жасалган чабуулдар менен катар оккупацияланган Батыш Шериада да кысымын күчөткөн Израиль армиясы жана Палестина жерлерин басып алган израилдик отурукташуучулардын кол салууларынан 2023-жылдын октябрынан бери каза болгон 1216 адамдын 28и аялдар экени белгиленди.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун жалпы саны 74 000ден ашты, ал эми 175 000ден ашуун адам жаракат алды жана аймактын инфраструктурасынын болжол менен 90% талкаланды.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады