ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Медина жакындарында болгон автобус кырсыгында 45 ажы каза болду
Сауд Арабиясындагы жол коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларды күн тартибине алып келегн трагедиялуу кырсыкта бир киши гана тирүү калды.
Медина жакындарында болгон автобус кырсыгында  45 ажы каза болду
Ыйык Медина шаарына жакын жерде болгон автобус кырсыгында набыт болгон курмандыктардын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары 2025-жылдын 17-ноябрында Хайдарабадда аза күтүшүүдө. / AFP

Индия полициясы дүйшөмбү күнү индиялык ажылар болгон бир автобустун Сауд Арабиядагы ыйык шаар Медина жакындарында кырсыкка учурашы менен 45 кишинин каза болгонун билдирди. Мунун Сауд Арабияда акыркы жылдарда болгон эң кандуу кырсык экендиги белгиленди.

Хайдарабад шаарынын полиция комиссары В. С. Саджанар журналисттерге: “Сауд Арабияда көпчүлүгү хайдарабаддык ажылар болгон автобус учураган трагедиялуу кырсык кайгыга салды”,- деди.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя болгон учурда автобуста 46 киши болгон жана алардын ичинен бир киши гана аман калды», — деп кошумчалады.

Саудиялык жетекчилер кырсыктан каза болгондор тууралуу расмий билдирүү бере элек.

Нью‑Дели көңүл айтты

Премьер-министр Нарендра Моди дүйшөмбү күнү социалдык медиада көңүл айтып, Индия элчилигинин Сауд Арабиясынын бийлиги менен иштешип жатканын билдирди.

"Мединада Индия жарандары болгон кырсыкка терең кайгырып жатам. Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр менен тилектешмин", - деп жазды Моди X каналына.

Индиянын премьер-министри: "Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Эр-Рияддагы элчилигибиз жана Жиддадагы консулдугубуз бардык мүмкүн болгон жардамды көрсөтүп жатышат", - деп коушмчалады.

Сауд Арабиясында жол кырсыктары өлүмдүн негизги себеби болууда

Бириккен Улуттар Уюмунун 2023‑жылдагы билдирүүсүнө караганда, Сауд Арабиясында жол кырсыктары жаракат алуу жана каза болуунун негизги себептеринин бири экендиги жана королдуктун жогорку кирешелүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу жол кырсыктарындагы өлүм көрсөткүчү жогору экендиги белгиленди.

Ажыларды Сауд Арабиянын ыйык жерлерине жеткирүү кооптуу болушу мүмкүн; айрыкча ажылык мезгилинде жолдордо башаламандык жаралып, автобустар узакка созулган тыгындарга кептелиши мүмкүн.

Миллиондогон адам умра сапарына да барышууда.

Мурунку окуялар

2023-жылдын март айында Меккеге бара жаткан автобус көпүрөгө урунуп, өрттөнгөн жана 20 адам каза болуп, 24төн ашык адам жаракат алган.

2019-жылдын октябрь айында Мединанын жанында автобус дагы бир оор жүк ташуучу унаа менен кагылышып, болжол менен 35 чет элдик жаран каза болуп, төртөө жаракат алган.

Ажылык жана умра зыяраттары Сауд Арабиясынын өсүп жаткан туризм тармагынын маанилүү бөлүгү, жетекчилер бул сектордун королдуктун экономикасын казылып алынган отундан баш тартуу аракеттерине салым кошорун ойлоп жатат.

Сауд Арабиясында эки миллиондон ашык индиялык жаран бар, бул кишилер көптөн бери эмгек рыногунда маанилүү ролду ойноп, көптөгөн мегадолбоорлордун курулушуна салым кошуп, Индияга жыл сайын миллиарддаган доллар валюта жөнөтүүдө.

Иликте
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы