ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Тышкы иштер министри Израилдин аймактык стратегиясына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди, Жакынкы Чыгышта коопсуздук пактын түзүүгө чакырды жана Сирия менен Ливандагы тобокелдиктерге көңүл бурду.
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн эгемендүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана коопсуздукка негизделген Жакынкы Чыгыш коопсуздук пактысын түзүүгө Хакан Фидан чакырды. / AA

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин стратегиялык багыты Ирандан кийинки аймактык атаандашы катары Түркияны көрсөтүүгө өтүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал Израилдин саясаты барган сайын тышкы душмандарды аныктоого көз каранды абалга келгенин белгиледи.

Фидан дүйшөмбү күнү Анадолу агенттигине берген маегинде Анкаранын Израилдин өзгөрүп жаткан аймактык позициясына карата баа берүүсүндө: "Ирандан кийин Израиль душмансыз жашай албайт. Түркияны жаңы душманы катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз",- деди.

Фидан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн эгемендүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана улуттук коопсуздукка өз ара сый көрсөтүүнүн негизинде расмий аймактык коопсуздук алкагын сактоого чакырды; ал мындай келишим аймактагы узак мөөнөттүү карым - катнаштарды турукташтыруу үчүн зарыл экенин айтты.

“Ливанда Газадагы тааныш көрүнүштөрдү көрүп жатабыз”

Израилдин Ливанда Газадагы кол салууларына окшогон аскердик операцияларды жүргүзүп жатканын, турак жайлар менен инфраструктуранын массалык түрдө талкаланышы алардын айтуусу менен "калкты бошотуу кампаниясынын" бир бөлүгү катары көрсөткөнүн айтты.

Фидан Сирия тууралуу ал жердеги Израилдин кол салууларынын “чоң маселе” экенин жана Түркия үчүн "олуттуу коркунуч" жаратаарын; Израилдин азыркы жумшактыгы Иран менен болгон кагылышууга басым жасоосу менен байланыштуу экенин, бирок мунун көпкө созулбашы мүмкүн экенин кошумчалады

Дипломатиялык контекстте министр Иран менен АКШ ок атышууну токтотуу процессин улантууда «ак ниеттүү» көрүнгөнүн, бирок тышкы күчтөр бул прогрессти үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин эскертти.

Фидан ошондой эле Түркиянын Ормуз кысыгынын тынчтык жолу менен кайра ачылышын колдой тургандыгын кайталап, куралдуу кийлигишүү олуттуу тобокелдиктерди жаратаарын баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Фидан НАТОго байланыштуу 2026-жылдын 7-8-июлунда Анкарада өтө турган саммиттин альянс тарыхындагы эң маанилүү саммиттердин бири болорун жана НАТО менен АКШнын карым - катнаштарын мындан ары түзүмдөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүк бере аларын билдирди.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Рейханлыдагы кол салууга шектүү террорист качып кетүүгө аракет кылып жатканда Сирияда кармалды
Түркия Колумбиянын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимин айыптады
Тышкы иштер министри Фидан Азия коопсуздугу боюнча саммитке катышуу үчүн Бакуга барды
Министр Фидан CICAнын мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынына катышат
Өмер Болат: "Түркия-Европа Биримдиги соодасы 30 жылда 11 эсеге көбөйүп, 233 миллиард долларга жетти"
Президент Эрдоган: "Түркия, Сауд Арабиянын жанында"
Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин  маалымат берди
Эрдоган: «Биз коопсуз азык-түлүккө жетүүнү улуттук коопсуздугубуздун негизги катары карайбыз»
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
Анкарада Израилдин Газага кол салууларына каршы нааразылык акциялары
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты