Эки Палестинанын окуясы
ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Эки Палестинанын окуясыБиз Жакынкы Чыгыштагы тарыхый Палестина менен аты бирдей болгон Иллинойс штатындагы Палестина деп аталган тынч америкалык кыштактын адамдары менен сүйлөшөбүз. Окшош аталышына карабастан, эки жердин ортосундагы тажрыйба жана көз караштардагы айырмачыл
00:00
Эки Палестинанын Хикаясы Көркөм чыгармалары / TRT Global

Бул – Палестина, бирок сен билген Палестина эмес. Бул Палестина АКШнын ортосунда, Иллинойс штатында жайгашкан кичинекей айыл. Бул , 2000ден аз калкы бар, тынч жана коопсуз коомчулук жашаган жер. Бул жерде "баары бири-бирин билет".

 Анда бул Америкадагы айыл менен Жакынкы Чыгыштагы Палестина мамлекетинин кандай байланышы бар? 

76 жаштагы пенсиядагы Жуди Бекс Америкадагы Палестинада өмүр бою жашап келе жатат, ал көп жылдардан бери арткы эшигин кулпулабаганын айтат.

 Бекс өзүнүн атасы жана мурункулары сыяктуу эле бул айылда төрөлүп өскөн. Анын апасы жакында 101 жашка чыкты.

Аймактагы көптөгөн чарбалар бир үй-бүлөнүн колунда жүз жылдан ашык убакыттан бери турат. Кудум эле азыр беш миллиондон ашык адам коркунучтун астында жашап жаткан Палестинадагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн мурастары сыяктуу. Бүгүнкү күндө, Израилдин Газага карай согушу бир жылдан ашканда, эки миллионго жакын палестиндиктер жер которууга мажбур болушту.

Анда эмне үчүн АКШнын ортоңку батышында жайгашкан бул кичинекей айыл Жакынкы Чыгыштагы тарыхый жерлердин атын алып жүрөт?

 1678-жылга кайталы.

 Франциялык изилдөөчү АКШнын азыркы территориясындагы бул аймакка келгенде, Жан Ламот айылды "сүт жана бал аккан жер" деп сүрөттөгөн — бул сүрөттөө көп учурда Жакынкы Чыгыштагы Палестинага байланыштуу айтылат.

 АКШда чет өлкөлүк аймактардын аталыштарын алган көптөгөн жерлер бар, мисалы, Пенсильваниядагы Ливан же Огайодогу Дублин.

Бирок Америкадагы Палестинадагы жашоо Газадагы курчоодо калган палестиналыктардын реалдуулугунан такыр башкача.

Бекс Израилдин Газаны бомбалоосуна байланыштуу жаңылыктарды көрүп турат.

Анын кайненеси мурунку күндөрдө Чек арасыз Дарыгерлер уюму сыяктуу уюмдарга кайрымдуулук кылып турганын билген. Кайненеси көз жумгандан кийин, ал жана жубайы дагы деле уюмдардан каттарды алып турушат.

Бирок, жалпы алганда, Бекс жана айылдын калган тургундары Жакынкы Чыгыштагы Палестинадагы кыйраткыч согуштан алыста жашагандарын айтышат. Америкалык Палестинада алардын жашоосу жай жана баары тынч, ал тургай полиция үчүн да. Алардын эң чоң жумушу 80 жаштан ашкан көп жылдык мэр Пэт Шофилддин көзөмөлүндө ашыкча ылдамдыкта жүргөн айдоочуларга айыппул жазуу.

Айылда бир нече гана көңүл ачуучу жер бар. Бекс пенсияда, ошондуктан ал күндөрүн “жок дегенде анчалык бош эмес” деп сүрөттөйт. Ал көбүнчө тарых коомунда ыктыярчы катары иштеп, жакында айылда Опера Үйүн оңдоп-түзөөгө катышкан. 

Бүгүнкү күндө Tripadvisorда айылдагы эң мыкты эс алуу иш-чаралары "жогорку бийиктиктен Уобаш дарыясынын укмуштуудай көрүнүшүн көрүү" жана Хит шоколад музеине баруу болуп саналат. 

Бир блоггер айылдын үч күндүк родеосун да мактап, ал жерде жандуу концерттер, трактор жарыштары жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өтөөрүн белгилеген. 

Бул эки Палестина география жана турмуш чындыгы боюнча ар башка болгону менен, бул америкалык айылдын тарыхы Палестинанын бай мурасы жана легитимдүүлүгү жөнүндө күбөлөндүрүп турат.

 Белгилүү болгондой, 1948-жылы Израиль Палестинадан бөлүнүп чыккан.

Ошондон бери сионисттер көп жылдар бою Палестинанын тарыхый эстелигин өчүрүүгө аракет  кылып келишет. Алар Палестина деген аталыштагы эч нерсе жок деп айтышат. Ошентип, Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда Палестина деген бир кылымдык айылдын болушу Палестина жеринин жана элинин Израил дүйнө картасында пайда болгонго чейин эле бар экенинин далили.

 Ушуну менен азырынча бүтүрөбүз. Бизди угуп жатканыңыздар үчүн рахмат. Кийинкиге чейин изилдөөнү улантып, кабардар болуп туруңуздар! Бул баян TRT World каналынын журналисти Эзги Топердин макаласынын негизинде жасалды.

 

БУЛАК:TRT Kyrgyz
Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"