ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран АКШнын кысымы токтотулса, Ормуз кысыгын 7 күндө ача турганын билдирди
Аты аталбаган ирандык жетекчи Вашингтондун "олуттуулукту жана чечкиндүүлүктү" көрсөтүшү керектигин айтты.
Иран АКШнын кысымы токтотулса, Ормуз кысыгын 7 күндө ача турганын билдирди
Иран "АКШ кысымды алып салса, Ормузду 7 күндүн ичинде ачарын" бул өлкөгө билдиргени айтылууда

Иран Вашингтонго АКШ деңиз блокадасын алып салып, дипломатиялык карым - катнаштарга кайтса, 7 күндүн ичинде Ормуз кысыгын кайра ачууга даяр экенин билдиргени айтылды.

Япониянын Киодо маалымат агенттигине берген маегинде аты аталбаган Иран өкмөтүнүн жетекчиси сунуш АКШга ортомчулар аркылуу жеткирилгенин жана эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштаганын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында Ирандын президенти Масуд Пазешкиан менен жолугушуу өтүнүчүнө токтолгон ирандык жетекчи Трамп менен жолугушуу күмөн болсо да, эки өлкөнүн ортосунда макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

"Макулдашууга карай жылыш болушу мүмкүн", - деди жетекчи бирок Вашингтон дипломатиялык карым - катнаштарды алдыга жылдыруу үчүн "олуттуулукту жана чечкиндүүлүктү" көрсөтүшү керек экендигин кошумчалады.

Вашингтон сүйлөшүүлөргө кайтып келип, Иранга киргизген деңиз блокадасын токтототуусун күтүп жаткандарын билдирген ирандык жетекчинин айтымында, эгерде бул кадамдар таштала турган болсо Иран стратегиялык жактан маанилүү Ормуз кысыгын 7 күндүн ичинде кайра ачып, сүйлөшүү столуна кайтууга даяр.

19-сентябрдагы билдирүүсүндө Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мухсин Резаи Тегерандын Вашингтонго согушту токтотууга мүмкүндүк берген сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн 7 шарт койгонун билдирди.

Резаи: "Ирандын согушту токтотуу шарттарын кабыл алуу АКШнын кызыкчылыгында. Биз согушка толук даярбыз", - деди.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди