САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Ислам жана араб өлкөлөрү Ирандын чабуулдарын айыптап, чыңалууну басаңдатууга чакырышты
Эр-Рияддагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кол салууларды токтотууга, эл аралык мыйзамдарды сактоого чакырыктар айтылып, маанилүү деңиз жолдоруна коркунуч келтирүүлөргө каршы эскертүүлөр берилди.
Ислам жана араб өлкөлөрү Ирандын чабуулдарын айыптап, чыңалууну басаңдатууга чакырышты
Араб жана Ислам өлкөлөрүнүн министрлеринин Эр-Риядда аймактык коопсуздук боюнча жыйындагы топтук сүрөтү. / Reuters

Араб жана ислам өлкөлөрү Ирандын «атайылап» жасалган баллистикалык ракета жана дрон чабуулдарын кескин айыпташты; биргелешкен билдирүүдө чабуулдарды тез арада токтотууга жана эл аралык укукту сыйлоого чакырык ташталды.

Түркия, Азербайжан, Бахрейн, Египет, Иордания, Кувейт, Ливан, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы, Сирия жана Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлери 18-мартта Эр-Риядда Ирандын акыркы чабуулдарын жана аймактагы кеңири эскалацияны талкуулоо үчүн жолугушту.

Министрлер чабуулдар коңшу өлкөлөрдөгү жарандык аймактарды жана инфраструктураны бутага алганын жана мындай аракеттерди эч кандай жагдайда актоого болбой турганын баса белгилешти.

БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, мамлекеттер өздөрүн коргоого укуктуу экенин ырастап, министрлер Иранды чабуулдарын токтотууга жана чыңалууну басаңдатуу үчүн дипломатияга артыкчылык берүүгө чакырды.

Министрлер ошондой эле Иранды; Ормуз кысыгында эл аралык кеме жүрүүсүнө жана Баб-эль-Мандебдеги деңиз коопсуздугуна коркунуч келтирбөөгө жана араб өлкөлөрүндөгү куралдуу топторго колдоо көрсөтүүнү, каржылоону жана курал-жарак жардамын берүүнү токтотууга чакырды.

Ливандын эгемендүүлүгүн, туруктуулугун жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын дагы бир жолу ырастап, министрлер курал-жарактын толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө болушун камсыз кылуу аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле, алар Израилдин Ливанга кол салууларын жана анын аймактагы экспансиялык саясатын айыпташты.

Иликте
Трамп Украинаны Орусиянын дизель заводдорун бутага алганы үчүн сындады
Перс булуңу кызматташтык кеңешинин өлкөлөрү хуситтерди террористтик уюм катары жарыялоону сунуштады
Путин Украинадагы согушту талкуулоо үчүн Трамп жана Си Цзиньпинге саммит өткөрүүнү сунуштады
Францияда жашоонун кымбаттыгына каршы нааразылык акциялары зомбулукка айланды
Сиси, эгерде талап кылынса Сауд Арабиясын коргоого даяр экендиктерин билдирди
Украина: Орусия биздин энергетика тармагына эң катуу чабуулдардын бирин баштады
Сирия менен Катар коопсуздук кызматташтыгын бекемдөөнү талкуулашты
Украина АКШны Starlink кызматын жайлатуу менен Орусияга жардам берип жатат деп айыптады
Евробиримдик коргонуу өндүрүшүн көбөйтүүгө 188,2 миллион доллар бөлөт
Axios: «Трамп менен Нетаньяху шайлоолордун алдында Иранга кол салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты»
Орусия менен Украина кеминде төрт адамдын өмүрүн алган кол салуулардан кийин айыптоолорду билдиришти
Президент Эрдоган Косовонун президенти болуп шайланган Широка Пуланы куттуктады
Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Йылдыз Сириянын туура багытта бара жатканын билдирди
Эмне үчүн Москва Трамптын энергетикалык элдешүү боюнча жарыясына унчукпай жатат?
Орусия: "Убактылуу ок атышпоону эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкты каалайбыз"
Түндүк Корея Жапон деңизине карай бир нече баллистикалык ракеталарды учурду
Зеленский Орусия ок атышпоону кабыл алса, Украинада шайлоо өткөрүлөрүн айтты
Эр-Рияддагы Король Халид аэропортунда жардыруу болду: Бир адам каза таап, 11 адам жаракат алды
Йемен армиясы: "900дөн ашык хусит мүчөсү жок кылынды"
Иран: "АКШнын согушту токтотуу боюнча сунуштарына бериле турчу жооп ортомчулар аркылуу жеткирилет"