Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Зонгулдактагы Филёс портунда өткөн «Осман Гази» калкып жүрүүчү өндүрүш платформасын узатуу аземине жөнөткөн видео кайрылуусунда түрк желегинин түстөрү менен кооздолгон платформанын өлкөгө жана улутка пайдалуу кызмат кылышын Кудайдан тиледи.
2024-жылдын июль айында Түркияга биринчи калкып жүрүүчү өндүрүш платформасы алып келинерин жарыялаганын жана «Осман Гази» деп аталган платформаны өткөн жылдын май айында Долмабахче сарайынан Филёско жөнөткөнүн эске салган Эрдоган:
«Бүгүн биз энергетика тарыхыбызда жаңы барак ачып жатабыз. Негизинен калкып жүрүүчү өнөр жай объектиси болгон «Осман Газини» кызмат өтөй турган Кара деңизге жөнөтүп жатабыз. «Осман Гази» – «Түркия кылымы» көз карашыбыздын деңиздеги чагылдырылышы болгон «Көк мекендин» биринчи заводу», – деди.
Президент Эрдоган узундугу 298,5 метр, туурасы 56 метр, тереңдиги 29,5 метр болгон жана 140 кишиден турган экипажы бар «Осман Газини» калкып жүрүүчү энергетикалык чеп деп мүнөздөдү.
Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: «21 түрдүү агрегаты менен платформа Сакария газ кениндеги кудуктардан алынган газды иштетип, суу астындагы түтүктөр аркылуу Филёско жөнөтөт. Натыйжада Кара деңиздеги жаратылыш газынын өндүрүшү эки эсеге көбөйүп, күнүнө 20 миллион куб метрге жетет. Ал эми 2027-жылдын башынан тартып ар бир үч үй-бүлөнүн бири өзүбүздүн жаратылыш газын колдонот. Бул келечектүү долбоорго салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип, платформада иштей турган бардык кызматкерлерге ийгилик каалайм».























