ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШнын FDA мекемесиндеги ички кат алышуу COVID вакциналарына байланыштуу 10 баланын өлүмүн билдирди
Америкалык саламаттыктысактоо боюнча жетекчилер пандемия чыккан жана АКШнын президенти Дональд Трамптын алгачкы президенттик мезгилинде жана андан кийин келген Жо Байден администрациясы вакциналарды өмүрдү сактап калуучу деп мүнөздөшкөн
АКШнын FDA мекемесиндеги ички кат алышуу COVID вакциналарына байланыштуу 10 баланын өлүмүн билдирди
Кеннеди вакциналарды аутизм менен байланыштырган жана өлкөнүн эмдөө саясатын кайра жазууга умтулган. / Reuters

Жума күнү The New York Times гезити АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынын (FDA) ички кат алышуусунда кеминде 10 баланын COVID-19 вакциналарынан улам каза болгону жана буга миокардиттин (жүрөктүн сезгениши) себеп болушу мүмкүн экендиин көрсөткөнүн белгиледи.

Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министрлиги (HHS), FDA дагы, Reuters агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Бул абал Саламаттыкты сактоо министри Роберт Ф. Кеннеди Жрнын COVID вакциналары боюнча өкмөттүк саясатты кескин өзгөртүп, 65 жаштан жогоркулар жана саламаттыгы начар адамдардын вакциналарга жетүүсүн чектегенден кийин болду.

Президент Дональд Трамптын администрациясында өлкөнүн эң жогорку саламаттыкты сактоо кызматына келгенге чейин көп жылдар бою вакцинага каршы кампаниялары менен таанылган Кеннеди вакциналарды аутизм спектринин бузулушуна байланыштырып, өлкөнүн иммунитетти камсыздоо саясатын өзгөртүүгө аракет кылган.

The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, FDAнын башкы медициналык жана илимий кызматкери Винай Прасад тарабынан жазылган эскертүүдө балдардын жашы же ден соолугунун абалы, ошондой эле вакцина өндүрүүчүлөрдүн аттары айтылган эмес.

Прасад бул табылганы "терең ачылыш" деп атап, вакциналарга жүргүзүлүүчү көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде бардык субгруппалар үчүн рандомизацияланган изилдөөлөрдү талап кылуу планын жарыялаганы айтылды.

Иликте
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды