САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Кремль: «Эгер Зеленский чалса, Путин телефонго жооп берет»
Ушаков: «Путин эч качан сүйлөшүүдөн баш тарткан эмес»
Кремль: «Эгер Зеленский чалса, Путин телефонго жооп берет»
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Путин менен

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Украинанын президенти Владимир Зеленский чалса, Орусиянын президенти Владимир Путин телефонго жооп берерин айтып, «Путин эч качан сүйлөшүүдөн баш тарткан эмес» деп кошумчалады.

Ушаков бул сөздөрдү Орусиянын «Россия» телеканалына Украина кризисин чечүү боюнча маалымат берип жатканда айтты.

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде пландаштырылган үч тараптуу сүйлөшүүлөргө европалык өкүлдөрдүн катышуу мүмкүнчүлүгүн баалаган Ушаков: «Биз америкалыктар менен жумушчу деңгээлде байланыштабыз. Ошондуктан, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунддарын үч тараптуу форматта өткөрүү максатка ылайыктуу», - деди.

Юрий Ушаков Украинанын президенти Зеленский Москвада Орусиянын президенти Путин менен жолугуша аларын белгилеп: «Ал ар кандай булактар ​​аркылуу сигналдарды жөнөтүп жатат. Ал ушунчалык көп жолугушкусу келип жатса, келсин», - деди.

Зеленский чалса, Путин телефонго жооп береби деген суроого Юрий Ушаков: «Менимче, Путин жооп берет. Путин жолугушуудан эч качан баш тарткан эмес», - деп жооп берди.

 

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндө үйлөрдү талкалап,  бомбалады
АКШ Украинага 2,1 миллиард долларлык коргонуу каражаттарын сатууну бекитти
Украинанын президенти Зеленский: "Түркияда маанилүү жолугушуулар болот"
Министр Фидан АКШлык кесиптеши Рубио менен жолугушуп, АКШда дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Хажеттепе университети Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго ардактуу доктор наамын ыйгарды
Түркия БУУнун баш катчылыгына Феридун Синирлиоглунун талапкерлигин көрсөттү
Эмине Эрдоган: Кеңешибиз туруктуу кызматташтык аянтчасына айланышын көздөп жатабыз
Нигериянын айылдарына жасалган террордук чабуулдардан полиция инспектору жана 11 жаран каза болду
Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму ДЕАШка каршы операция жүргүздү
Эрхүрман: Түркия менен кызматташуу аркылуу адилеттүү жана узак мөөнөттүү чечим үчүн иштейбиз
Россиянын Украинадагы темир жол станциясына карата кол салуусунан кеминде 13 адам каза болду
Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчылары кеңешинин саммити башталды
Россия менен Украина Олешкиге гуманитардык жардам жеткирүү үчүн миналарды тазалашты
Бурханеттин Дуран: Дагы да күчтүү Түрк дүйнөсү үчүн иштеп жатабыз
Пезешкиан: Коңшу өлкөлөр менен кызматташуу аркылуу аймактын коопсуздугун камсыздай алабыз