ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын эксперттери Газада издөө жана куткаруу операциялары үчүн Израилдин макулдугун күтүүдө
Түрк расмийлери издөө-куткаруу топтору "учурда чек аранын Египет тарабында күтүп жатканын" билдирди.
Түркиянын эксперттери Газада издөө жана куткаруу операциялары үчүн Израилдин макулдугун күтүүдө
Түркия эксперттери Газада издөө жана куткаруу операциялары үчүн Израилдин макулдугун күтүүдө / Reuters

Түрк расмий өкүлү жума күнү Франс Пресс агенттигине Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер тобунун Египеттин чек арасына жайгаштырылып, Газадагы издөө жана куткаруу операцияларына катышуу үчүн Израилдин макулдугун күтүп жатканын билдирди.

Түркиянын апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгына (AFAD)караштуу 81 кишилик топ аныктоочу аппараттар жана үйрөтүлгөн издөө иттери менен бирге атайын издөө-куткаруу жабдуулары менен жабдылган.

Топ урандылардын астында калган сөөктөрдү алып чыгууга даяр. Атын атагысы келбеген расмий өкүл: «Израиль түрк командасына Газага качан кирүүгө уруксат берери белгисиз",- деди.

"Башында Израиль Катардын командасы менен иштешүүнү тандады бирок биздин делегациябыздын жакын арада уруксат аларынан үмүттүүбүз".

Хамастын булагы Франс Пресс агенттигине түрк делегациясынын жекшемби күнгө чейин Газага кириши күтүлүп жатканын билдирди.

AFAD 2023-жылдын февраль айында Түркиянын түштүк-чыгышында 53 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган кыйраткыч жер титирөөдөн кийин оор шарттарда иштөө тажрыйбасына ээ болушту.

Түрк расмий өкүлү команданын миссиясына урандылардын астында калган палестиналык жана израилдиктердин жана барымтадагылардын сөөгүн табуу киргенин билдирди.

Бирок айрым израилдик барымтадагылардын которуу учурунда Израилдин дрондорунан коргонуу үчүн жергиликтүү кийимдер менен өздөрүн жашыргандыктан операцияларды татаалдаштырары күтүлүүдө.

"Бул издөө иштерин кыйындатат жана иштин жүрүшүн кечеңдетет" деген расмий өкүл Хамастын барымтадагылар жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды бериши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Айрым байкоочулар түрк командасынын оор жабдууларынын туура эмес максаттарда колдонулушу жана ХАМАС тарабынан жер алдындагы туннелдерге кирүү үчүн кайра пайдаланылышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришти.

Иликте
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады