ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Грециянын бир тараптуу деңиз парктарын четке каккан Түркия Эгей деңизинде кызматташууга чакырды
Анкара Афинанын Эгей деңизинде деңиз парктарын жарыялоо аракетинин эч кандай юридикалык күчү жок экенин билдирип, Эгей жана Жер Ортолук деңиздеринде бир тараптуу аракеттердин ордуна кызматташтыкты кубаттаган билдирүү жасады.
Грециянын бир тараптуу деңиз парктарын четке каккан Түркия Эгей деңизинде кызматташууга чакырды
/ AA
22 Июль 2025

 Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Грециянын Эгей жана Иония деңиздеринде эки деңиз паркын жарыялоосуна байланыштуу билдирүү жасап, Эгей жана Жер Ортолук деңиздери сыяктуу жабык же жарым жабык деңиздерде бир тараптуу кыймылдардан алыс болуу керектигин баса белгиледи.

Министрлик Грециянын былтыр жарыялаган бул демилгесинин Түркия менен Грециянын ортосундагы бири-бирине байланыштуу Эгей маселелеринин контекстинде, эл аралык келишимдер менен Грецияга өткөрүлүп берилбеген географиялык түзүлүштөр менен бирге юридикалык жактан эч кандай натыйжа бербейт тургандыгын белгиледи.

Министрлик 2024-жылдын 9-апрелиндеги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн эске салып, бул темадагы позициясын кайталап, ал билдирүүдөгү пункттардын бүгүн да күчүндө экендигин маалымдады.

Билдирүүдө: "Эл аралык деңиз укугу жээктеш мамлекеттердин арасында, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча кызматташтыкты кубаттайт. Буга байланыштуу, биздин өлкө Эгей деңизине жээктеш мамлекет катары Греция менен кызматташууга ар дайым даяр экенин эскертебиз", - деп айтылды.

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу жалпы адамзаттык маселелердин Эгей деңизиндеги өз ара байланышкан көйгөйлөр жана эгемендүүлүгү эл аралык келишимдер менен Грецияга өткөрүлүп берилбеген кээ бир аралдардын, аралчалардын жана аскалардын статусуна байланыштуу маселелердин контекстинде кыянаттык менен пайдаланылышына болгон аракеттер кечээ кандай болсо, бүгүн дагы натыйжа бербей турганын баса белгиледи.

"Түркия жакынкы күндөрү деңиз аймактарында айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлорун жарыялайт",- деп айтылып, Түркиянын Греция менен болгон мамилелеринде эки тарап тең сактагысы келген рухту чагылдырган 2023-жылдын 7-декабрындагы Афина декларациясынын алкагында көйгөйлөрдү эл аралык укук, адилеттүүлүк жана жакшы коңшулук принциптеринин негизинде чечүү үчүн чын ыкластуу жана ар тараптуу мамиле жасоо керектиги жөнүндөгү позициясын сактап калганы белгиленди.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү