Түндүк Корея АКШнын "Алтын купол" долбоорун сынга алды

Пхеньян Вашингтондун 175 миллиард долларлык "Алтын купол"" ракетадан коргонуу системасын катуу сынга алып, мунун космоско негизделген өзөктүк кагылышууну козгошу мүмкүн болгон кооптуу элемент экенин билдирди.

U.S. President Donald Trump and U.S. Defense Secretary Pete Hegseth make an announcement at the White House in Washington / Reuters

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги KCNAнын маалыматына ылайык, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын "Алтын купол" ракетадан коргонуу системасы долбоорун "кооптуу коркунуч аракети" деп сындады.

АКШнын президенти Дональд Трамп 20-майда «Алтын Купол» системасынын дизайнын тандагандыгын, 175 миллиард долларлык бул чоң программага жетекчи дайындаганын жарыялаган.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Америка изилдөөлөр институтунун шейшемби күнкү билдирүүсүндө: "Алтын куполдун планы “ОболуАмерика” менталитетинин мүнөздүү продуктусу. Бул текебердиктин, таңуулоочулук жана өзүм билемдиктин туу чокусу жана өзөктүк согуштун сценарийи" деп билдирди.

"Алтын купол” долбоору өнүккөн сенсорлор жана тоскоолдуктар менен жабдылган жүздөгөн спутниктерди камтыган глобалдык тармакты колдонууну көздөйт. Бул система Кытай, Иран, Түндүк Корея же Россия сыяктуу өлкөлөрдөн учурулган душман ракеталарын учурулгандан кийин көп өтпөй аныктап, жок кылуу үчүн иштелип чыккан.

Өткөн жумада Кытай бул планга катуу каршы экенин билдирип, «олуттуу тынчсыздануусун» билдирген жана Вашингтонду бул системаны иштеп чыгууну токтотууга чакырган.