ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Япон аскердик кемелери 90 жылдан кийин биринчи жолу Жаңы Зеландияга якорь таштады
Япония деңиз флотуна таандык эки эсминец аймактык кызматташтыктын тереңдешин белгилеген кеңири Инди-Тынч океан миссиясынын бир бөлүгү катары Веллингтонго барды.
Япон аскердик кемелери 90 жылдан кийин биринчи жолу Жаңы Зеландияга якорь таштады
/ AP

Япон аскердик кемелери дээрлик 90 жылдан кийин биринчи жолу жума күнү Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтонго якорь таштады. Бул Токионун Түштүк Тынч океан аймагында стратегиялык байланыштарын чыңдоо аракеттеринин алкагында болду.

500дөн ашык экипаж мүчөсү болгон эки эсминец Жаңы Зеландиянын деңиз флотуна таандык HMNZS Canterbury кемесинин коштоосунда Веллингтон портуна кирди. JS Ise жана JS Suzunami эсминецтери Сиднейден Индо-Тынч океандын жайгаштыруунун бир бөлүгү катары келишкен. Япон аскерлери бул айда Жаңы Зеландия, Австралия жана башка өлкөлөр катышкан машыгууларда орун алды.

Веллингтонго сапар салтанаттуу мүнөздө болсо да, АКШ менен гана союздаштык келишимге ээ болгон Япониянын регионалдык тирешүүлөрдүн алкагында эки тараптуу аскердик кызматташтыкты тереңдетүү аракетинин бир бөлүгү катары көңүлдөрдү бурду.

Япониянын Веллингтондогу элчиси Макото Осава жума күнү журналисттерге берген билдирүүсүндө: "Коргонуу күчтөрүбүз бир гана Жаңы Зеландия жана Австралия менен гана эмес, Тынч океандагы бир топ арал өлкөлөрү менен да кызматташууну өнүктүрүүдө. Максатыбыз эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагы",- деди.

Элчинин мындай билдирүүсү Австралия өкмөтүнүн шейшемби күнү Японияда жайгашкан Mitsubishi Heavy Industries компаниясынын немис фирмасын артта калтылып, Австралиянын аскер кемелерин куруу боюнча тендерден утуп чыгышынан кийин келди.

Канберрадагы жетекчилер Япониянын сунушунун эң жакшы жана үнөмдүү сунуш катары сыпаттап, ошол эле учурда бул келишимди эки өлкөнүн ортосундагы эң ири коргонуу өнөр жай келишими катары мүнөздөштү.

Жаңы Зеландия акыркы жылдары тышкы саясатын өзгөртүүнүн алкагында Азиядагы стратегиялык жана аскердик байланыштарын чыңдоого аракет кылууда. Өкмөт Тынч океан кызматташтыгына жана коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруп жатканын билдирүүдө. Веллингтондогу жетекчилер июль айында Япония менен коргонуу логистикасы боюнча келишимдин негизинде иштердин башталганын жарыялашты. Бул келишим эки өлкөнүн армияларынын кызматташуусун жеңилдетүүнү көздөйт.

Япония деңиз флотунун кемелери Тынч океандын түштүк тарабына сейрек келишет. Бирок Жаңы Зеландиянын, Австралиянын жана Тынч океандын кичинекей арал мамлекеттеринин бай жана стратегиялык жактан маанилүү суулары дүйнөнүн ири державаларынын арасында барган сайын атаандаштык аймагына айланууда. Бул жагдай Пекин менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы таасир этүү күрөшкө алып келди.

Алыскы жерде жайгашканына карабастан, Жаңы Зеландия акыркы убакта аймактык коопсуздук маселелери боюнча катаал маселелерге туш болууда. Февраль айында Кытайдын деңиз флотуна таандык фрегаттардын Жаңы Зеландия менен Австралиянын ортосундагы Тасман деңизинде өткөргөн ок атуу машыгуулары, учуулардын кыска убакытта багытын өзгөртүүгө аргасыз болушу менен бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүндө кооптонуу жаратты.

Жаңы Зеландия армиясынын билдиргенине караганда Японияга таандык деңиз флотунун кемеси Веллингтон портуна 1936-жылы барган. Японияга таандык бир кеме 2016 - жылы Жаңы Зеландиянын эң чоң шаары Оклендге барган.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты