Түркиянын «Кызылелма» (Kızılelma) учкучсуз учагы ASELSANдын жаңы электрондук калканы менен жабдылды
Жаңы кошумчаланган тетик Байрактар Кызылелмага жакындап келе жаткан коркунучтардын багытын ылдам аныктоо, таануу жана турган ордун тактоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Түркиянын коргонуу компаниясы Байрактардын Кызылелма cогуштук учкучсуз учуучу аппараты ASELSAN тарабынан стратегиялык күч катары иштелип чыккан жаңы электрондук калкан менен жабдылып, алгачкы сыноо учуусун ийгиликтүү аяктады.
Aselsan компаниясы Кызылелма согуштук учкучсуз учагына заманбап аба согуш шарттарында аман калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн FEWS-U электрондук согуш комплексин интеграциялады.
Система учакты 360 градустук электрондук калкан менен курчап, келе жаткан радарлык коркунучтарды ылдам аныктап, багытын так белгилөө жөндөмүнө ээ.
Система коркунучту аныктаганда, унааны коргоо үчүн автоматтык түрдө каршы чараларды ишке киргизет.
Бул технология учкучсуз платформалардын өзгөчө талаптарына жана чектөөлөрүнө ылайыкташтырылган.