СПОРТ
1 мүнөт окуу
Испаниялык футболчу Хесус де Мигель каза болду
"Тенерифе" клубунун чабуулчусу дүйшөмбү күнү экинчи лига беттешинде оор жаракат алып, эртеси күнү эртең менен ооруканада каза болду.
Испаниялык футболчу Хесус де Мигель каза болду
CD Tenerife командасынын чабуулчусу Хесус де Мигель

"Тенерифе" клубунун билдирүүсүнө ылайык, испаниялык футболчу Хесус де Мигель экинчи лига беттешинде талаада атаандаш команданын дарбазачысы менен сүзүшүп жаракат алгандан бир күн өткөндөн кийин 30 жашында каза болду.

Клубдун билдирүүсүндө: "Биз Хесус де Мигель Аламеданы шейшемби күнү эртең мененки саат 8:00де кайгылуу түрдө жоготтук. Жүрөгүбүз жараланды. Биз дагы эле ишене албай турабыз", - деп жазылды.

Чабуулчу дүйшөмбү күнү Тенерифедеги "Хелиодоро Родригес Лопес" стадионунда өткөн ЛаЛиганын Гипермошн беттешинин аягында топко жетүү аракетинде "Андорра" футбол клубунун дарбазачысы Хесус Овоно менен сүзүшкөн.

Медициналык кызматкерлер Де Мигельге талаада жардам көрсөтүштү. Андан кийин ал тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Окуядан кийин беттеш токтотулган.

Тенерифе клубу дүйшөмбү күнү Де Мигель Нуэстра Сеньора де Канделария университетинин ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылганын жана анын абалы оор, бирок туруктуу экенин жарыялаган болчу.

Иликте
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
Улуттук гимнаст Ферхат Арыжан Дүйнөлүк Челлендж Кубогунда алтын медаль жеңди
Зидан, Франциянын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттешинин алдында Түркияны мактады
Түркиянын УЕФА Улуттар Лигасындагы биринчи атаандашы Франция
Улуттук мушкер Хатиже Акбаш Европа чемпионатында медалды кепилдеди
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Түркиянын улуттук волейбол командасы Европа чемпионатынын чейрек финалына чыкты
Месси Аргентина курама командасы менен коштошту
Президенттиктин 7-эл аралык яхта жарыштарынын Жеңиш Кубогу этабы аяктады
Малатияда 9-эл аралык "Алтын өрүк" ачык шахмат турнири уланууда
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Германияны 3:1 эсебинде жеңди
Фенербахче УЕФА Чемпиондор Лигасынын плей-офф реваншында Олимпик Лионду 2-1 эсебинде жеңди
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Салах Түркияга келгенде "Трабзонспор" күйөрмандарына: "Жакында көрүшкөнчө"
Түркия компьютердик клавиатура боюнча дүйнөлүк чемпионатта 36 медаль менен алдыда