Түркиянын Коргоо министрлиги Чыгыш Жер Ортолук деңизине гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
Министрлик түрк кемелеринин, керек болсо, компетенттүү органдар жана эл аралык тараптар менен координация ичинде жана куткаруу мүмкүнчүлүктөрү менен даяр экенин билдирди.
Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги, керек болсо Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги гуманитардык жардам иш-чараларына салым кошо турганын жарыялады.
Министрлик шейшемби күнү түрк социалдык медиа платформасы NSosyal аркылуу жасаган билдирүүсүндө: «Түркия учурда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бараткан жарандык кемелердин гуманитардык жардам иш-аракеттеринин эл аралык укукка жана гуманитардык баалуулуктарга ылайык коопсуз жүргүзүлүшүн кылдаттык менен көзөмөлдөп жатат»,-деди.
Министрлик, аймакта үзгүлтүксүз ар кандай окуу жана иш-чараларды өткөргөн кемелеринин керектүү учурда тийиштүү органдар жана эл аралык тараптар менен макулдашып, издөө-куткаруу мүмкүнчүлүктөрү менен гуманитардык жардам миссияларын колдоого даяр экенин билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө: «Түркия ар дайым болгондой эле, гуманитардык баалуулуктарды коргоо жана күнөөсүз жарандардын коопсуздугу үчүн бардык жерде жана бардык шартта өз милдеттерин аткарууну улантат»,-деп айтылды.