ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны 12ге жеткенин билдирди
Эртең борбор шаарда аза күтүү күнү жарыяланды
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
(АРХИВ) Зеленский Киевге жасалган чабуулда каза болгондордун саны 12ге жеткенин билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын борбор шаар Киевге жасаган аба соккуларынан каза болгондордун саны 12ге жеткенин жарыялады.

Социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Зеленский бүгүн кечинде Россиянын аба соккулары, негизинен Киевди жана өлкөнүн башка аймактарын бутага алганын белгиледи.

Киевге жасалган чабуулда көп кабаттуу үйлөр менен балдар ооруканасынын жабыркаганын эске салган Зеленский учурдагы маалымат боюнча каза болгондордун саны 12ге жеткенин билдирди.

Жаракат алгандардын саны 40 экенин белгилеген Зеленский өзгөчө Киев облусундагы бир шаарда да 1 кишинин каза болгонун маалымдады.

Зеленский орус армиясынын бүгүн кечинде Украинанын башка аймактарын бутага алганын айтып:"Душман Одесса облусунда Молдова чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна учкучсуз учуучу аппараттар (УЧА) менен кол салды, ал эми Чернигов облусунда жаратылыш газынын инфраструктурасы бутага алынды",- деди.

Украинанын президенти абадан коргонуу системасы үчүн ракеталардын зарылдыгын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты: "Москва баллистикалык куралдарга жана чыңалууну күчөтүүгө инвестиция салууда тилекке каршы, дүйнө мындай чабуулдарга ар дайым керектүү жоопту бере албай жатат. Украина жетиштүү ракета коргонуу системаларына ээ болмоюнча, Россия тынчтыкты олуттуу ойлобойт."

Украина аба күчтөрүнүн командирлигинин билдирүүсүндө Россиянын бүгүн кечинде өлкөгө карата кол салууларында 168 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (ПУА) жана 44 ракетаны колдонгону белгиленди.

Билдирүүдө 39 ракета жана 145 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы баса белгиленди.

Киевде эртең аза күтүү жарыяланды

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко да өзүнүн социалдык медиа баракчасында Россиянын кол салууларынан Киевде 12 адам каза болгондуктан 21-августта аза күтүү жарыяланганын билдирди.

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан