Израиль алты жумалык жабылуудан кийин Аль-Акса мечитин жана Ыйык кабыр чиркөөсүн кайра ачууда
Исламдык фонддор башкармалыгы Аль - Акса мечитинин багымдат намазы үчүн кайрадан ачыларын жана баарынын кирүүсүнө уруксат берилерин билдирди.
Израиль 28-февралдан бери жабык болгон жана оккупациядагы Чыгыш Кудста жайгашкан Аль-Акса мечитин жана Ыйык кабыр чиркөөсүн бейшемби күнү таңкы сааттардан баштап кайра ачууга даярданып жатканы тууралуу билдирди.
Израиль полициясынын шаршемби күнү берген билдирүүсүндө, Ички фронттун командачылыгынын жаңыланган көрсөтмөлөрүнө ылайык, 9-апрель, бейшемби күнү эртең мененден баштап ыйык жерлер ибадат кылуучулар жана зыяратчылар үчүн ачыла турганы белгиледи.
Полиция зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кудстун Эски шаар бөлүгүндө жана ыйык жерлерге баруучу жолдордо жүздөгөн полиция кызматкерлери менен чек ара кызматкерлери нөөмөттө болорун айтты.
Исламдык фонддор башкармалыгы Аль-Акса мечити багымдат намазына карата ачыларын жана бардык каалоочулардын кирүүсүнө уруксат берилерин билдирди, бирок башка кошумча маалымат берген жок.
Израиль бийлиги АКШ, Израиль жана Иран ортосундагы согуш учурунда коопсуздук чарасы катары адамдардын топтолушуна жол бербөө максатында 28-февралдан бери эки ыйык жерди жапкан.
Жтекчилер өзгөчө быйыл Аль-Акса мечитинде Орозо айт намазынын окулушуна да тыюу салган. Бул — Израилдин 1967-жылы Чыгыш Кудсту басып алгандан берки Айт майрамына карата киргизген алгачкы чектөөсү болду.
Израиль Улуттук Коопсуздук министри Итамар Бен - Гвир апрель айынын баштарында Аль - Акса мечитинде рейд жүргүзүп, бул да араб жана башка мусулман өлкөлөрүнүн сынына кабылды.