ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирландия Европа Биримдигинин төрагалыгын өткөрүп алды
Европа Биримдигинин (ЕБ) кезектешкен төрагалыгын алты айга өткөрүп алган Ирландия негизинен коргонуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, энергетика жана санариптик трансформацияга көңүл бурат.
Ирландия Европа Биримдигинин төрагалыгын өткөрүп алды
Европа Биримдигинин желеги

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер алты ай сайын милдеттенген кезектешкен төрагалык бүгүндөн тарта бул кызматты 1-январдан бери аркалап келген Түштүк Кипр Рум администрациясынан Ирландияга өттү.

Дублин администрациясы "Биримдикте күч" деген ураандарды тандап алды, ал эми төрагалыктын темасы катары "атаандаштык, баалуулуктар жана коопсуздук" деп жарыяланды.

Ирландия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн глобалдык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, кеңейүүгө, коргонуу демилгелерин улантууга, Биримдиктин жасалма интеллект жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана Украинаны колдоону улантууга көңүл бурат.

Дублин администрациясы ошондой эле "Газадагы оор гуманитардык абалды жана Батыш Шериадагы кырдаалдын начарлашын токтотуу үчүн иштей турганын" билдирди.

Ирландия төрагалыкты 2027-жылдын 1-январында Литвага өткөрүп берет.

Иликте
Министр Фидан: "Биз аймактык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликти алууну улантабыз"
Москвадагы төрт аэропортто дрон коркунучунан улам каттамдар убактылуу токтотулду
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда