ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Эл аралык активисттер Газа жолунда, Израиль кийлигишүүгө даярданууда
Израиль Газа блокадасын бузууну максат кылган жана гуманитардык жардамдарды ташыган эл аралык кемени токтотууну пландап жатат.
Эл аралык активисттер Газа жолунда, Израиль кийлигишүүгө даярданууда
Freedom Flotilla set to sail towards Gaza for aid / Reuters
3 Июнь 2025

Израиль эл аралык активисттерди ташып бара жаткан кемени курчоодогу Газага киргизбөө пландарын жарыялады. Бул аракет Израилдин курчоосуна каршы чыккан гуманитардык кризистин күчөшү менен коштолууда.

Армиянын радиосу дүйшөмбү күнү Израилдин деңиз күчтөрүнүн Сицилиядан чыккан Madleen аттуу парустуу кеменин келлүүсүнө даяданып жатканын билдирди. Кабарга караганда 12 экипажы болгон кеме “деңиз блокадасын бузууну” максат кылууда.

Бул миссияны уюштурган Эркиндик Флот Коалициясы берген билдирүүсүндө Madleen кемесинин адам укуктарын коргоочуларды жана гуманитардык жардам ташыган жарандык кеме" экендигин жана Израилдин "мыйзамсыз жана геноциддик блокадасына түз каршылык көрсөтүү" экенин билдирди."

Кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасында бир нече өлкөдөн келген ыктыярчылар, анын ичинде француз-палестиналык Европарламенттин депутаты Рима Хассан бар. Кеме Газадагы жарандар үчүн зарыл болгон жардамдарды, ымыркайлар үчүн тамак-аш, ун, күрүч, жалаяктар, аялдардын гигиеналык каражаттары, суу тазалоо жабдуулары, медициналык каражаттар, балдар үчүн протездерди алып барат.

«Бул тынчтыкка багытталган жарандык каршылык көрсөтүү аракети. Madleen кемесиндеги бардык ыктыярчылар жана экипаж мүчөлөрү зомбулуксуз аракеттерге үйрөтүлгөндүгүн” айтты.

Кеменин болжол менен бир жуманын ичинде Газанын жээгине жетиши күтүлүүдө, бирок эл аралык сууларда Израилдин күчтөрү тарабынан токтотулуу коркунучу жогору.

Бул сапар коалициянын май айынын башында жасаган ушундай эле аракетинен кийин болуп жатат. Ал мезгилде “Виждан” аттуу флот кемеси эл аралык сууларда Израилдин дрондору тарабынан чабуулга кабылган. Чабуул кемеде өрт чыгарып, корпусуна жарака кетирген.

Газанын медиа кеңсеси Израилди ачарчылыкты курал катары колдонуп, Газадагы 2,4 миллион тургунду көчүрүүгө аракет кылуу менен айыптап Израилдин 2 - марттан бери бардык чек ара капкаларын жаап гуманитардык жардамды, айрыкча азык-түлүктөрдүн киришине бөгөт болгондугу белгиленди.

Израилдин кол салуулары

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада геноцидин улантууда. Палестиналыктар каза болгондордун көпчүлүгүн аялдар менен балдардан турганын белгилеп, 54,470тен ашуун адамдын каза болгондугун белгиледи.

Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, болжол менен 11000 палестиналык кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калгандыгы болжолдолууда.

Эксперттер каза болгондордун чыныгы саны Газадагы бийликтер билдиргенден жогору болушу мүмкүн экендигин билдиришти. Алардын баамында, бул сан 200 000ге жакын болушу мүмкүн.

Геноциддин жүрүшүндө Израиль Газанын көпчүлүк бөлүгүн кыйратып, дээрлик бардык калкты көчүрүүгө мажбурлады. Гуманитардык уюмдар анклавдагы 2 миллиондон ашуун адамдын ачарчылык коркунучуна кабылгандыгын эскертишүүдө.

Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык Кылмыш Соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана мурдагы Коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.

Ошондой эле Израиль эл аралык соттордо анклавдагы жарандарга каршы согуш кылмыштары үчүн геноцид иши боюнча жоопко тартылууда.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды