ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пентагон Нетаньяху жана союздаштарын жактаган офицерди кызматтан алды
Башкы штабдын директорлугунда иштеген полковник Натанд МакКормак Вашингтондун Израилдин "жаман мамилесин" колдоосун сынга алган жана Нетаньяхуну палестиналыктарды сүрүп чыгарууну көздөп жатат деп айыптаганы үчүн кызматтан алынды.
Пентагон Нетаньяху  жана союздаштарын жактаган офицерди кызматтан алды
/ Reuters

АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкери Израилди жана АКШнын саясатын социалдык тармактарда бир нече жолу сынга алганы үчүн кызматынан четтетилди.

АКШнын башкы штабынын J5 пландоо бөлүмүндө Левант жана Египет бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген полковник Натан МакКормак посттору ачыкка чыккандан кийин кызматынан алынды. Бул тууралуу Израилге байланыштуу Jewish News Syndicate басылмасы билдирди.

Middle East Eye маалыматына ылайык, МакКормактын постторунда Вашингтондун Израилдин "жаман жүрүм-турумун" колдойт деп айтылып, бул сөздөр камтылган: "Батыш мамлекеттери, негизинен Холокост үчүн күнөөлүү болгондуктан, Израилди сындабоо үчүн көп күч жумшашат."

МакКормак өзгөчө : “Ондогон жылдардан бери Израилдин жасаган аракеттери этникалык тазалоо жана геноцид айыатоолоруна жол ачты”,- деп жазды.

МакКормактын архивделген постторунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну да сынга алган жазуулар бар.

МакКормак Нетаньяху жана союздаштарын "еврейлердин үстөмдүгүн жактоочулар" деп атап, алар "палестиналыктарды кууп чыгып, 'Эрец Исраилди' (Израиль жерин) этникалык палестиналыктардан тазалоону" каалашкандарын айтты.

МакКормак бир постунда Израилдин “эң жаман союздаш'" деп атап: "Бул өнөктөштүктөн Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азиядагы миллиондогон адамдардын душмандыгынан башка эч кандай пайда жок”,- деди.

Пентагондун өкүлү бул окуя тууралуу маалымат берип, Коргоо министрлигинин "абалдан кабардар" экенин жана "иликтөө жүргүзүлүп жатканын" билдирди.

Жетекчи МакКормактын "кызматына кайтып келгенин", башкача айтканда, маселе каралып жаткан учурда ал мындан ары Башкы штабда иштебей турганын сөздөрүнө кошумчалады.

Өзгөчө :”Х эсебинен жарыяланган мазмун башкы штабдын төрагалыгынын же Коргоо министрлигинин көз карашын чагылдырбайт”,- деди.

Архивдеги билдирүүлөрдү текшерүү үчүн тергөөчү дайындалды.

Бул окуя социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Көптөгөн колдонуучулар АКШ Конституциясынын Биринчи түзөтүүсү сөз эркиндигин кепилдегенине карабастан, Израилди сынга алуу өзгөчө көрүнүш катары каралгандыгын жактады.

Айрым талдоочулар АКШнын президентин сындагандын көбүнчө эч кандай кесепети болбой турганын бирок Израиль тууралуу буга окшогон сөздөрдүн кесиптик кесепеттерге жол ачышы мүмүкн экендигин белгиледи. Айрымдары бул абалды Вашингтондогу Израиль жактоочусу лобби тармактарынын таасирин көрсөтөрүн айтышты.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды