Ливияда тез жардам тик учагы кулап, беш адам каза болду
Куфра шаарынан медициналык эвакуация миссиясынан кайтып келе жаткан тик учак Аль-Сарра базасына кулап түштү.
Дүйшөмбү күнү Ливиянын Аль-Сарра базасына медициналык эвакуация миссиясынан кайтып келе жаткан тез жардам тик учагы кулап түштү; жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына караганда, кырсыктан беш адам каза тапты.
Al Wasat жаңылыктар порталынын маалымат булактарына шилтеме жасап билдиргенине караганда, кырсык Куфра шаарынан болжол менен 300 чакырым түштүк-чыгышта катталды.
Каза болгондордун арасында аскердик транспорт кызматынын эки кызматкери жана Куфрадан келген оорукана медайымы бар.
Калган эки жабырлануучу чет элдиктер болуп, учкуч жана жардамчысы экени аныкталды.
Кырсыктын себеби тууралуу азырынча маалымат берилген жок жана Ливия бийлиги окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек.