ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Канаданын премьер-министри Карни Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү
Канаданын премьер-министри Марк Карни менен АКШнын президенти Дональд Трамп көптөн бери пикир келишпестиктер уланып келе жаткан эки тараптуу соода маселесин телефон аркылуу сүйлөштү.
Канаданын премьер-министри Карни Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү
Канаданын премьер-министри Карни

Карни социалдык медиа баракчасында Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

АКШ менен Канаданын ортосундагы сооданын келечеги тууралуу "жакшы" сүйлөшүү өткөргөндөрүн айткан Карни, мындай деп кошумчалады:

"Бул биздин жумушчуларыбыз үчүн жумуш орундарын түзө турган, үй-бүлөлөрдүн сатып алуу жөндөмүн жогорулата турган жана Канаданын тилдерин, маданиятын жана эгемендигин толук урматтай турган өз ара пайдалуу соода келишими боюнча акыркы конструктивдүү талкууларыбыздын уландысы".

Карни анын командасы алдыдагы жумаларда бул багытта натыйжаларга жетүү үчүн иштей турганын маалымдады.

АКШ менен Канаданын ортосундагы чыңалуу, айрыкча Трамптын экинчи мөөнөтүндө, тарифтер жана соода саясатынан улам күчөгөн.

27-октябрда Канаданын премьер-министри Карни АКШ өзүнүн "кызыл сызыктарын" кабыл алса, АКШ менен соода келишимине жетүү ыктымалдыгы жогорулай турганын билдирген.

АКШнын президенти Трамп болсо Мичиганда шайлоо алдындагы сөзүндө Канада менен соода маселеси "жакында чечилет" деп айткан.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү