ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Окумуштуулар коронавирус жана грипп сыяктуу вирустарды үн толкундары менен жок кылды
Бразилиядагы Сан-Паулу университетинин изилдөө тобу медициналык диагностикада колдонулган УЗИ толкундары вирустарды зыянсыздандырууга жөндөмдүү экенин лабораториялык шартта далилдешти.
Окумуштуулар коронавирус жана грипп сыяктуу вирустарды үн толкундары менен жок кылды
вирус / AA

Изилдөөчүлөр ооруканаларда колдонулуп жаткан аппараттардын жардамы менен 3төн 20 МГцке чейинки диапазондогу ультра үн жыштыктарын вирустарда сынап көрүштү.

Алынган жыйынтыктар үн толкундары жараткан микроскопиялык титирөөлөр вирустун сырткы кабыгын жарууга жетиштүү экенин көрсөттү. Окумуштуулар бул кубулушту жүгөрүдөн попкорн жасоо процессине окшоштуруп, «вирус менен кыйкырып күрөшүү» деп мүнөздөшүүдө.

Акустикалык резонанс ыкмасы колдонулат

Бул ыкма "акустикалык резонанс" принцибине негизделген. Үн толкунунун жыштыгы вирус мембранасынын табигый термелүү жыштыгына дал келгенде, пайда болгон энергиянын топтолушу вирустун түзүлүшүнө гана багытталат.

Эксперименттер айланадагы клеткалардын температурасы жана рН деңгээли туруктуу бойдон калганын, ушундайча дени сак клеткаларга зыян келтирбестен вирустарды гана жок кылууга мүмкүндүк бергенин көрсөттү.

Изилдөөчү Одемир Мартинес Бруно бул кубулуш толугу менен геометриялык экенин айтып, тоголок түзүлүштөгү вирустар ультраүн энергиясын натыйжалуу сиңирерин белгиледи. Бул физикалык ыкма вирустар мутацияланса да, формасы өзгөрбөсө, бул ыкмадан кутула албай турганын көрсөтүүдө.

Экологиялык жактан таза жана вирустарда каршылык пайда кылбай турган чечим

Адистер салттуу антивирустук дары-дармектерди иштеп чыгуу татаал процесстерди талап кыларын белгилеп, ультра үн методунун эч кандай калдык калтырбаганы жана вирустарда туруктуулукту (резистенттүүлүк) жаратпаганы үчүн «жашыл» чечим сунуштай турганына көңүлдөрдү бурушууда.

Бул ыкма азырынча клиникалык колдонуу баскычынан алыс экени жана жаныбарларда сынала электиги баса белгиленсе да изилдөө тобу буга чейин эле Зика, Денге безгеги жана Чикунгунья сыяктуу башка вирустар боюнча иштерин башташты.

Изилдөөнүн жыйынтыктары «Scientific Reports» журналына жарыяланды.

Иликте
Гутерриш Газада туруктуу тынчтык орнотууга чакырды
Москвага карата 650 дрондук чабуул өлкөнүн эки жыл ичинде дуушар болгон экинчи ири чабуулу болду
Песков: "Украина бул аракеттеринин кесепетин тартат"
Түркия Сириядагы Израилдин аймактык мыйзам бузууларына катуу каршылык көрсөттү
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Президент Эрдоган Үй-бүлө фестивалына барды
Aselsan гибриддик абадан коргонуу системалары үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Эл аралык космос конгресси Антальяда башталды
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Эрдоган: Жылдын алгачкы 5 айында экспорттун рекорддорун жаңыртуу менен тарыхый ийгиликке жетиштик
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Автоунаа тармагы сентябрь айында кайрадан алдыда
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Стамбул аэропорту Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп саналат