ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия өз аскерлеринин Сириянын түндүгүнөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке какты
Түркия Республикасы 2016 - жылдан бери "Тынчтык булагы" операциясы да болгон террорго каршы бир нече ийгиликтүү операцияны ишке ашырды, ушундайча аймакта бир террор коридорнун түзүлүшүнө бөгөт болду.
Түркия өз аскерлеринин Сириянын түндүгүнөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке какты
Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик посттордон аскерлердин чыгарылышы тууралуу кабарларды четке какты. / AA

Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасына жакын болгон аскердик позициялардан чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке какты.

Министрликтин булактары бейшемби күнү “Түрк куралдуу күчтөрүнүн Тынчтык булагы аймагындагы айрым аймактардан чыкканы тууралуу кабарлар туура эмес. Түрк куралдуу күчтөрү аймакта Сирия өкмөтү менен координация ичинде ишин улантууда”,- деди.

Министрликтин булактары ошондой эле жалган маалымат камтыган атайын кабарларга ишенбөөгө жана расмий билдирүүлөрдү гана кабыл алууга чакырды.

Түркия 2016-жылдан бери Сириянын түндүгүндө "Евфрат калканы" (2016), "Зайтун бутагы" (2018) жана "Тынчтык булагы" (2019) сыяктуу бир катар террорго каршы операцияларды жүргүздү. Максаты террордук коридорунун түзүлүшүнө жол бербөө жана тургундардын аймакта тынч жайгашуусун камсыз кылуу.

"Тынчтык булагы" операциясы 2019-жылдын октябрь айында Сириянын түндүгүндөгү ПКК/YPG элементтерин нейтралдаштыруу максатында башталган.

Түркия Түркия-Сирия чек арасынан Сириянын чек арасына параллель созулган М4 автожолуна чейин созулган 30 чакырымдык коопсуз аймак түзүүнү көздөгөн.

АКШ мурда YPGны ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн куралдандырганына карабастан Түркиянын операциясына чейин Сириянын түндүгүндө жайгашкан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгон.

YPG, PKK террордук уюмунун Сириядагы уландысы катары кабыл алынууда.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"