ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
"АКШ тынчтыкты сүйгөн улутка каршы катаал жана тынымсыз репрессия үгүтүн жүргүзүп жатат".
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес АКШны кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алган санкцияларды киргизүүдө деп айыптады.

Гаванадагы басма сөз жыйынында Родригес өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында добуш берүү алдында мүчө мамлекеттерге кысым көрсөткөнү үчүн АКШны сынга алып, "Аскердик, ядролук, экономикалык жана технологиялык супердержава АКШ, тынчтыкты сүйгөн улутка каршы катаал жана тынымсыз репрессия үгүтүн жүргүзүп жатат" деди.

Родригес АКШнын БУУнун мүчө мамлекеттерине карата позициясын сынга алып, "Вашингтон администрациясы БУУнун Уставын жана эл аралык укукту ачыктан-ачык бузуп жатат. Шантаж жана санкциялар менен коркутуу аркылуу улуттардын эгемендүү эркин басып алууга аракет кылган бул ыкма көп тараптуу дипломатиянын негизги принциптерине түздөн-түз кол салуу болуп саналат" деп билдирди.

Ондогон жылдарга созулган блокаданын масштабына көңүл бурган Родригес: "Биздин өлкөгө киргизилген экономикалык, коммерциялык жана каржылык эмбарго жөн гана саясат эмес, кубалыктардын күнүмдүк жашоосуна жана өнүгүү укуктарына багытталган системалуу блокада", - деди.

Родригес АКШ администрациясы өкмөттөргө жана БУУнун миссияларына коркутуучу документтерди таратканын, АКШнын расмий өкүлдөрү Кубага каршы добуш бергиси келбеген айрым өлкөлөрдөн добуш берүү учурунда "каршы турууну" же "залга кирбөөнү" суранганын айтты.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады