ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Эрхүрманды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Эрхүрман Түндүк Кипр Түрк Республикасына байланыштуу тышкы саясий чечимдердин Түркия менен кеңешилбестен кабыл алынбай турганын убада кылды.
Эрдоган Эрхүрманды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Эрдоган Эрхүрманды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады / AA

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жекшемби күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Республикалык Түрк Партиясынын (РТП) лидери Туфан Эрхурманды куттуктады.

Түрк NSosyal социалдык медиа платформасында жарыяланган билдирүүсүндө Эрдоган, шайлоонун жыйынтыгы эки өлкө жана кеңири аймак үчүн пайдалуу болоруна ишенгенин айтты.

«Бул шайлоо Түндүк Кипр Түрк Республикасынын демократиялык жактан жетилгендигин дагы бир жолу көрсөттү жана түрк боордошторубуздун эркин добуш берүү үкөгүндө чагылдырды. Түркия Түндүк Кипрдин эгемендик укуктарын жана кызыкчылыктарын түрк эли менен бирге бардык платформада коргоону улантат»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин расмий эмес жыйынтыктарына караганда, Эрхүрман 62,76% добуш алып, көз карандысыз талапкер жана азыркы президент Эрсин Татарды (35,81%) жеңип алды.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз да шайлоонун жыйынтыгына жогору баа берип, шайлоонун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана жарандарынын саясий жактан жетилгендигин дагы бир жолу тастыктаганын айтты.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги да Эрхүрманды куттуктап, Түркиянын негизги мекен жана кепил катары кипр түрк элинин бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн аракеттерин уланта турганын билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгынан кийин сөз сүйлөгөн Эрхүрман, Кипр түрктөрүнө байланыштуу тышкы саясий чечимдердин Түркия менен кеңешилбестен кабыл алынбай турганын убада кылды.

Ошондой эле ал президент Эрдоганга, вице-президент Йылмазга жана тышкы иштер министри Хакан Фиданга куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы карым – катнаштардын дагы да бекемделе турганын баса белгилеген Эрхүрман, мунун жетекчилигинин «миссиясы» экенин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш да Эрхүрманды куттуктап, шайлоо жыйынтыгынын Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркия жана жалпы Түрк дүйнөсү үчүн оң натыйжаларды алып келээрине ишенимин билдирди.

Ал эми Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран шайлоонун тынч өтүшү Кипр түрк демократиясынын жетилгендигинин күчтүү көрсөткүчү экенин маалымдады.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди