ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
БУУ Пакистан - Индия чыңалуусу үчүн «сабырдуулукка» чакырды
БУУ Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун тынчтык жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.
БУУ Пакистан  - Индия чыңалуусу үчүн «сабырдуулукка» чакырды
25 Апрель 2025

БУУ Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө 26 адам каза болгон кандуу кол салуудан кийин Индия менен Пакистанды «сабырдуулукка» чакырды.

 Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө 26 адам каза болгон кандуу кол салуудан кийин Индия менен Пакистанды « сабырдуу болуга» чакырды.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик бейшемби күнү баш катчы Антонио Гутеррештин акыркы 24 сааттын ичинде бул  өкмөттөр менен түз байланышта болбогонун, бирок кырдаалга "жакындан жана чоң тынчсыздануу менен" көз салып жаткандыгын айтты.

 "22-де Жамму менен Кашмирде болгон жана көптөгөн жарандардын өлүмүнө алып келген террордук кол салууну ачык түрдө  айыптайбыз",-  деген Дужаррик эки өкмөттү тең «сабырдуу болууга жана окуяларды мындан ары начарлатпоого" үндөдү.

 "Пакистан менен Индиянын ортосундагы ар кандай маселе маанилүү жана өз ара диалог аркылуу, тынчтык жолу менен  чечилиши керек", - деп кошумчалады Дужаррик.

26 адамдын өмүрүн алган кол салуу Индияда шок жана кыжырданууну жаратып, өлкөнүн түбөлүк душманы деп эсептеген Пакистанга каршы чара көрүүгө чакырыктарды күчөттү. Аймакка 500 миңден ашуун аскер жайгаштырган Индия бул кол салуунун Пакистан менен "чек ара аркылуу" байланышы бар деп ырастоодо, бирок бул ырастоону тастыктай турган эч кандай далилди коомчулук менен бөлүшкөн жок.

Пакистан болсо кол салууга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Индияда бийликтеги BJP партиясына жакын маалымат булактарынын айтымында, кол салуунун жоопкерчилигин  шектүү топ болгон  "Каршылык көрсөтүү фронту" алды бирок бул ырасталган жок.

АКШ "жакындан байкап жатат"

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс президент Дональд Трамптын  Индия менен бирге экендигин жана бардык террордук актыларды айыптагандыгын кайталады.

 "Президент Трамп жана катчы Рубио бул маселе боюнча ачык айтышты. Америка Кошмо Штаттары Индия менен бирге жана бардык террордук актыларды катуу айыптайт. Каза болгондор үчүн дуба кылып, жаракат алгандардын айыгып кетишин каалайбыз.  Бул коркунучтуу кол салуунун аткаруучуларын жоопко тартууга  чакырабыз", - деди Брюс.

 Брюс  АКШ Пакистан менен Индиянын ортосундагы тирешүүнү басаңдатуу үчүн дипломатиялык куралдарды колдонуп жатабы деген суроого : "Бул ылдам өзгөргөн кырдаал жана болжолдолгондой муну жакындан байкап жатабыз. Албетте азыркы учурда Кашмир жана Жаммунун статусу тууралуу позициябызды билдирбейбиз. Бүгүн айта турган нерселер ушулар гана",- деп жооп берди.

Пакистандагы нааразычылык акциялары

Бейшемби күнү Пакистандын бардык аймактарында, анын ичинде Кашмирдин Пакистандын башкаруусундагы бөлүгүндө  жүздөгөн Пакистан жарандары Индиянын коркутууларына каршы нааразычылык билдирүү үчүн акцияларга чыгышты.

Пакистандын ишкер Пакистандык ишкер Ажмал Балуч Лахордо диний партия тарабынан уюштурулган жана 700гө жакын адам катышкан акцияда AFP маалымат агенттигине билдирүү жасап: "Эгерде Индия согушка баргысы келсе, анда муну ачык айтсын", - деди.

Индия эки кошунанын ортосундагы сууну бөлүштүрүүнү жөнгө салган Инд суулары боюнча келишимди токтото турганын билдирди, бирок дарыянын Пакистанды көздөй агымын толугу менен чектөө мүмкүнчүлүгү жок.

25 жаштагы Пакистан жараны Мухаммед Овайс: "Суу биздин укугубуз жана Кудай буюрса, согуш жолу менен болсо да бул сууну кайтарып алабыз. Артка кайтпайбыз", - деди.

 

 

 

Иликте
Грузия-Азербайжан чек арасына жакын жерге кулап түшкөн C-130 учагында жарылуучу заттар табылган жок
Түркиянын деңиз бургулоочу кемеси Сомалиде тарыхый миссиясын баштады
Түркиянын коммуникация башкармалыгы: НАТО согушка туруштук берүү үчүн өзгөрүшү керек
Бельгиянын тышкы иштер министри ок атышууну токтотуу келишимине Ливандын да кириши керектигин айтты
Газада Израилдин кол салуусунан дагы бир палестиналык журналист каза болду
Пакистан Израилдин Ливандагы "агрессиясын" айыптап, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакырды
Ливан Израилдин кол салууларынан кийин улуттук аза күтүү күнүн жарыялады
Түркия Грецияны түрк азчылыгынын шайланган диний лидерлеринин укугун коргоого чакырды
Израиль алты жумалык жабылуудан кийин Аль-Акса мечитин жана Ыйык кабыр чиркөөсүн кайра ачууда
Түндүк Корея кассеталык дүрмөттүү баллистикалык ракетаcсын сынады
Трамп "чыныгы келишим" ишке ашмайынча АКШнын Иранда жана анын айланасында кала берерин эскертти
"Хизбулла" Ливанга жасалган кол салууларга жооп катары Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуул койду
Гутерриш Израилдин Ливандагы кол салууларын айыптап; ок атышпоо коркунучта болорун эскертти
Пентагон: Ирандын коргонуу өнөр жайынын инфраструктурасы "толугу менен" талкаланды
Түрк чалгындоосу аймактык чыңалууларды басаңдатууга көшөгө артында кантип жардам берет?