Ливандын Улуттук маалымат агенттигинин (NNA) билдиргенине караганда, Израиль армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү чабуулдарын күчөтүп, үйлөрдү жана башка имараттарды жардырып, бир катар аймактарды артиллерия жана пулемёт менен абутага алды.
Агенттик жума күнү Израиль аскерлери Хиям жана Кантара шаарчаларында пулемёт менен атып, эл арасында коркунуч жаратканын, ошондой эле Кантарадагы айрым үйлөрдү өрттөгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, Израиль армиясы Бинт-Жбейл аймагындагы Тайри шаарчасында жардырууларды ишке ашырып,Тулин шаарына жакын Вади-эль-Хужейр аймагы 155 миллиметрлик артиллериялык снаряддар менен аткыланган.
Аркуб аймагындагы Кафр-Шубанын айланасына, Бинт-Жбейлдеги Хадаса шаарынын чет жактарына жана Тир аймагындагы Вади-Зибкинге да артиллериялык сокку урулду.
Майфадун жана Завтар-аш-Шаркия шаарчаларынын ортосундагы аймак да мезгил-мезгили менен атылыды.
Агенттиктин маалыматына караганда, Израиль аскерлери Кафр-Шуба — Седана дөңсөөсү — Шебаа жолунун боюнда Кафр-Шубанын тургуну Хасан Набаага таандык үйдү ичиндеги буюмдары менен кошо жардырган.
Агенттик ошондой эле Тайба шаарынын үстүндө абадан коргонуу ракетасы жарылганын кабарлады. Бирок окуя боюнча кошумча маалымат берген жок.
Ошол эле учурда Руб-Саласин шаарчасынан чыккан бир жаш жигит Вади-эль-Хужейр аймагында унаасын токтотуп, Кантара тарапка жөө жөнөгөндөн кийин аны менен байланыш үзүлгөнү маалымдалды.
Бул чабуулдар Бейрут менен Тель-Авивдин өкүлдөрү 20–21-октябрда АКШнын Флорида штатындагы Тампа шаарында Вашингтондун ортомчулугу астында аскердик маселелер боюнча техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин болду.
Сүйлөшүүлөрдө конкреттүү жылыш болгондугу жарыяланган жок. Ошондой эле биргелешкен билдирүү жарыяланган эмес. Бирок тараптар Израилдин Ливандан чыгып кетиши жана Хизбулланы куралсыздандыруу боюнча пикир келишпестиктерге карабастан, сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болгону кабарланды.




















