Анкарада Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөcүнүн күнү белгиленди

ЮНЕСКО тарабынан 15-декабрь «Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөсүнүн күнү» деп жарыяланган. Бул күн Анкарада биринчи жолу Түрк тил мекемеси (TDK) тарабынан өткөрүлгөн эл аралык панель менен белгиленди.

By
Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөсүнүн күнү / TRT

Анкарада Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөcүнүн күнү белгиленди: «Түрк тили – цивилизацияны жана иденттүүлүктү тастыктаган документ»

 ЮНЕСКО түрк тилдерин «универсалдуу баалуулук» деп тааныгандан кийин, 15-декабрь «Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөсүнүн күнү» деп жарыяланды. Бул күн Анкарада биринчи жолу Түрк тил мекемеси (TDK) тарабынан өткөрүлгөн эл аралык панель менен белгиленди.

2025-жылдын 3-ноябрында ЮНЕСКОнун 43-Жалпы конференциясында кабыл алынган тарыхый чечим түрк тилдерин «байыркы цивилизациянын мурасы» катары тааныган. Бул чечимден кийин, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана TDK тарабынан «Ататүрк» атындагы Маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинде уюштурулган иш-чарага түрк республикаларынын мамлекеттик ишмерлери, окумуштуулары жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн маданият жана туризм министринин орун басары доктор Сердар Чам түрк тили жөн гана байланыш каражаты эмес, цивилизациянын улуу көпүрөсү экенин баса белгиледи. Чам Анкарада жандырылган бул чырак түрк дүйнөсүндөгү маданий интеграцияны тездете турганын билдирди.

«Түрк тили исламдан кийин да өзүнүн маңызын сактап калган»

Ачылыш сөздөрүнөн кийинки панелде сөз сүйлөгөн белгилүү түрколог, профессор Ахмет Бижан Эржиласун түрк тилинин тарыхый уландысына көңүл бурду. Эржиласун түрк тили «8-кылымдан 10-кылымга чейин үзгүлтүксүз уланып, Баян Чор жазууларынан жана Чыгыш Түркстанда кагазга жазылган миңдеген документтерден башталганын» жана бул процесс исламдын кабыл алынышы менен жаңы деңгээлге жеткенин билдирди. Эржиласун түрктөр мусулман болору менен Куранды өз тилине которо баштаганын баса белгилеп: «Карахандар доорундагы котормолордо «Аллах» сөзү түз эле «Теңир» деп которулган. Мисалы, «Лиллахи» деген сөз айкашы «Тенрите» деп которулган. «Кутадгу билиг» жана «Дивану лугатит-түрк» сыяктуу шедеврлер менен биздин тилибиз өзүнүн бар экендигин бекем сактап келген», - деди. Эржиласун ошондой эле Түркиядан кийин эң көп түрк калкы, болжол менен 40 миллион, Иранда жашай турганын белгиледи.

«Цивилизация жазуудан башталат: Ат коюудагы катаны оңдоо керек»

Профессор доктор Ахмет Буран түрк тарыхына байланыштуу Батыштын калыптанган түшүнүктөрүн жана терминологиялык көйгөйлөрүн козгоду. Орхон жазмаларынын чечмелениши түрктөрдүн көчмөн коом гана эмес, отурукташкан жана цивилизациялуу эл экенин далилдегенин айткан Буран: «Цивилизация жазуудан башталат жана биздин жазма тилибиздин тарыхы исламдан алда канча мурун башталган», - деди.

Лингвистикалык ат коюуга байланыштуу «улуттук позиция» карманышы керек деген пикирди айткан Буран, тилдердин өзгөчөлүгүн мамлекеттердин саясий жашоосу менен аныктоого болбой турганын баса белгиледи. Буран: «караханид» же «уйгур» сыяктуу айырмачылыктардын ордуна, дал 1876-жылдагы Осмон Баш мыйзамында же Махмуд аль-Кашгаринин эмгектеринде айтылгандай биз тилибиздин аталышы ар дайым «түрк» болгонун баса белгилешибиз керек. Батыш окумуштууларынын туура мамилелерин кабыл алуу менен бирге, туура эмес ат коюуларды оңдоо биздин милдетибиз», - деп билдирди.

«160 миллиондук көз карандысыз күч жана маданий аң-сезим»

Панелдин акыркы бөлүгүндө сөз сүйлөгөн профессор, доктор Мустафа Өнер 15-декабрдын маанисине жана 1893-жылы Вильгельм Томсендин байыркы түрк жазмасын чечмелөөсүнүн таасирине токтолду. Ал Томсен таштардан окуган «Түрк» деген аталыш 1923-жылы Түркия Республикасынын түзүлүшү менен туу чокуга жеткенин билдирди.

Евразия географиясында 160 миллиондон ашык калкы бар көз карандысыз түрк дүйнөсү улуу держава экенин эстеткен Өнер маданий жактан алыстоо жөнүндө да эскертип: «Бизде эпостор жана уламыштар сыяктуу чоң байлыктар бар, бирок биз балдарыбызды өз маданиятыбыздын ордуна Гарри Поттер сыяктуу батыштын популярдуу маданият чыгармаларын окууга үндөйбүз»,-деди.

Иш-чара катышуучулардын үй-бүлөлүк сүрөткө түшүшү жана 15-декабрь алдыдагы жылдары түрк дүйнөсүндө майрам катары белгиленет деген үмүтүн билдириши менен аяктады.