Түркия Диянет Фонду (TDV) Ирактын Керкүк шаарында муктаж жетим балдарга мектеп формасы, канцелярдык буюмдар жана акчалай жардам көрсөттү.
Ирак түркмөндөрүнүн Бир туугандык жана маданият ассоциациясы менен координацияланып жүргүзүлгөн бул жардам ишинен Керкүктөгү муктаж жана жетим 150 бала пайдаланды.
Ирак түркмөндөрүнүн Бир туугандык жана маданият ассоциациясынын төрагасы Хүсеин Керим Түркия Диянет Фондунун колдоосу менен муктаж жетим балдарга мектеп формасы жана канцелярдык буюмдар таратылып, кошумча акчалай жардам берилгенин маалымдады.
Керим мектептер ачыларга аз эле убакыт калганда таратылган бул жардамдардын жетим балдар менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн өтө маанилүү экенине көңүл бурду.
Ирак түркмөндөрүнүн Бир туугандык жана маданият ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Дерия Калели муктаж жана жетим балдардын ар дайым жанында болуп келген Түркия Диянет Фондуна ыраазычылыгын билдирди.
Калели Түркиядагы кайрымдуулардын берген каражаттары муктаждарга жеткирилгенин айтты.






















