ЮНИСЕФ: Электр үзгүлтүктөрүнөн улам украиналык балдар катаал кышта сууктан жабыркап жатышат

Агенттик катуу суукта электр үзгүлтүгү жана адам өлүмүнүн көбөйүшү үй - бүлөлөрдү "аман калуу режимине" салганын айтууда.

By
2026-жылдын 13-январында, катуу суукта, жылытуусу жок борбор калаада аял чукул жылытуучу чатырдан чыгып баратат. / Reuters

ЮНИСЕФ өлкөдөгү өкүлү жума күнкү билдирүүсүндө энергетика жана суу инфратүзүмүнө карата чабуулдар күчөшү менен Украинадагы балдар катаал кыш шарттарына туш болуп, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жылуулуксуз жана электр жарыгысыз калганын билдирди.

ЮНИСЕФ өкүлү Мунир Маммадзаде Женевада журналисттерге берген маегинде өлкөдөгү сууктан улам балдардын абалы кризистик чекке жеткенин айтты. “Украинадагы балдар азыркы учурда ок астында калып тоңуп жатышат; согуштун эң кыйын кышы менен бетме - бет”,- деди жана алды “кризис ичинде кризис” деп мүнөздөдү.

Киевде абанын температурасы -15°C чейин төмөндөп, дагы да төмөндөшү күтүлүп жаткандыктан, Маммадзаде миллиондогон үй-бүлөнүн кайрадан бир нече күндөн бери жылуулуксуз, электр жарыгысыз же суусуз жашап жатканын айтты. "Ошондуктан балдар жана үй-бүлөлөр тирүү калуу режиминде", — деп белгилеп, көп кабаттуу үйлөрдө жашоо "тынымсыз чабуулдардан коргонуу жана ашыкча сууктан аман калуу" маселесине айланганын кошумчалады.

Маммадзаде ЮНИСЕФ Украинанын өзгөчө кырдаалдар топторунун конуштардан тышкары курулган, үй-бүлөлөр жылына турган, ысык тамак ала ала турган, аппараттарын кубаттап (заряддап) ала туган жана психосоциалдык колдоо ала турган жайларды колдоого алып жатканын билдирди.

Маммадзаде «караңгы жана сууктун коркуу менен стрессти күчөткөнүн» жана мунун физикалык жана психикалык ден соолукту начарлатышы мүмкүн экендигин эскертти.

Ал ошондой эле: "Гипотермия учурда жаңы төрөлгөн балдар үчүн бизди тынчсыздандырган маселелердин бири. уукта жана медициналык жардам жок болгондо, бул тез эле өмүргө коркунуч туудурган факторго айланат",- деди.

Өкүлдүн айтымында, азыркы тапта сууктан улам балдардын өлүмү каттала элек.

Бирок билим берүү тармагы дагы чоң үзгүлтүккө учурап, электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн улам мектептер онлайн окутууга өткөнү менен, балдар байланыша албай жатышат. UNICEF кышкы жардамдын алкагында 1,65 миллион адамга, анын ичинде 470 000 балага дардам берип,генератор, акчалай жардамдарды жана мектептерге колдоо көрсөтүүдө.

Россия баштаган согуштун дээрлик төртүнчү жылында Мамедзаде Украинада балалыктын дагы эле аман калуу күрөшүнүн көлөкөсүндө өтүп жатканын айтты жана БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын маалыматы боюнча, 2025-жылы тастыкталган балдарды жоготуу 11%га өскөн.

Каржылоонун жетишсиздиги үй-бүлөлөрдү айласыз калтырууда

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын (IFRC) Украинадагы делегациясынын башчысынын орун басары Жейми Вах жума күнү журналисттерге бир гана Киевде бир жумадан бери 200 000ге жакын адамдын "жылуулуксуз жана электрсиз" отурганын айтты.

Түнкүсүн температура -18°C га чейин түшкөнүн жана ошондон улам энергетика секторунда өзгөчө кырдаал жарыяланганын белгилеп, ал: «Жылуулук болбосо адамдар гипотермия, муз көтөрүү жана дем алуу органдарынын ооруларына кабылышы ыктымал», — деди.

Вахтын айтымында, күтүүсүз электр өчүрүүлөр суу менен камсыздоону, саламаттык сактоону, коомдук транпортту, ошондой эле байланыш тармактарын үзгүлтүккө учуратууда, бул адамдардын жардам чакыра алышын же жакындары менен байланышышын чектейт; улгайган адамдар, балдар, майыптары барлар жана өнөкөт оорулары барлар эң чоң тобокелчиликте турат.

“Биз сүйлөшкөн көптөгөн үй-бүлөлөрдүн дээрлик эч кандай туруштук берүү мүмкүнчүлүгү калган жок. Украина боюнча миңдеген түтүн (кожолук) арасында жүргүзгөн изилдөөбүз көрсөткөндөй, ар бир 10 адамдын жетөөсүнүн эч кандай топтогон каражаты калган эмес. Тамак-аш, күйүүчү май жана дары-дармектердин кымбатташы көптөгөн үй-бүлөлөрдү “үйдү жылытуу, тамак-аш сатып алуу же керектүү медициналык кызматтардан пайдалануунун ортосунда тандоо жасоого мажбурлап жатат. Булар — эч ким жасоого мажбур болбошу керек болгон тандоолор”, — дед Вах.