САЯСАТ
3 мүнөт окуу
Трамптын өч алуу тарифтери глобалдык реакцияга кабылды
АКШнын каржы министрлиги чыңалууну күчөтпөө үчүн өлкөлөрдү өч алуудан алыс болууну эскертти.
Трамптын өч алуу тарифтери глобалдык реакцияга кабылды
The US Treasury Secretary Scott Bessent said in an interview with Fox News that countries shouldn't retaliate because there would be an escalation. / Reuters

АКШнын президенти Трамп билдирген өч алуу тарифтери жалпы дүйнөдө катуу реакцияга кабылды.  Соода согушун дагы да күчөтүү коркунучу  бар бул кадамга каршы АКШнын казына министрлиги башка өлкөлөрдү жооп кайтарбоого чакырды.

Канаданын премьер  - министри Марк Карней шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө Трамптын тарифтерине жооп бере тургандарын айтты.

«Максатыбыз так жана чечкиндүү кадам таштоо муну да аткарабыз»,- деди жана кабинет жыйынынан мурда  Канаданын жообун талкуулай тургандарын кошумчалады.

Мексиканын мамлекет башчысы Клаудиа Шеинбаум  болсо Трамптын билдирүүсүнүн өлкөсүнө кандай таасир береринин такталышын күтө тургандыгын, бирок Мексиканын экономикасын чыңдоого көңүл бурулгандыгын баса белгиледи.

«Бул маселе сен мага салык сала турган болсоң мен да сага салык саламын маселеси эмес»,- деген Шеинбаум экономикалык кызыкчылыктарына алдыңкылык бергендерин белгиледи.

Кытай болсо Трамптын кенен масштабдуу тарифтерине каршы экендигин ачыкча айтып «мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн каршы чараларды көрөрүн» жарыялады. Кытайдын соода минимстрлиги бул тарифтердин эл аралык соода эрежелерине терс экендигин жана глобалдык экономикалык өнүгүүгө коркунуч туудургандыгын билдирди.

Билдирүүдө : «АКШ бир тараптуу зомбулугунан дароо баш тартуусу керек»,- деп айтылды.

Бразилия парламенти аткаруу бийлигине соода тоскоолдуктарына жооп кайтаруу укугун берген мыйзамды жактырды. Өкмөт АКШнын «өз ара» негизин «чындыктар менен дал келбейт» деп мүнөздөдү.

Трампка жакындыгы менен белгилүү Италиянын премьер  - министри Жоржия Мелони да тарифтердин туура эмес экендигин айтып: "Бул аракеттер АКШнын пайдасына болбойт. Соода согушун болтурбоо үчүн АКШ менен бир келишим негизин табуу үчүн колубуздан келгендин баарын аткарабыз",-  деди. Мелони өзгөчө Италиянын кызыкчылыктарынын негизинде Европадагы башка өнөктөштөр менен да байланыш түзүшөрүн белгиледи.

Түштүк Кореянын убактылуу мамлекет башчысы Хан Дак Су өнөр жай министрлигине тарифтердин таасирин азайтуу үчүн Вашингтон менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына берген маегинде өлкөлөрдүн жооп кайтарбашы керектигин, анткени мунун жаңы эскалацияга алып келерин айтты.

“Адилетсиз, мыйзамсыз, негизсиз”

Европа Парламентинин Эл аралык соода комитетинин төрагасы Бернд Ланге Трамптын Европа Биримдигинен импорттолгон товарларга 20 пайыздык бажы төлөмүн киргизүү чечимин катуу сынга алып : “Трамп муну “Боштондук күнү” деп аташы мүмкүн, бирок карапайым жарандар үчүн бул “Инфляция күнү” деди жана бул пропорционалдуу эмес чаралардын жаңы салыктын стихиясына гана алып келерин баса белгиледи.

Япониянын соода министри Йожи Муто да АКШнын Япониядан импорттолгон товарларга киргизилген 24 пайыздык бажы салыгын “бактысыз” деп белгилеп, Вашингтонду мындан баш тартууга чакырды.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанес өз өлкөсүнө киргизилген тарифтердин толугу менен адилетсиз экендигин айтты.

"Трамп өз ара аракеттенүү жөнүндө айтып жатат. Чыныгы өз ара тарифтер 10% эмес, нөлгө барабар", - деген Албанес, Австралиянын жооп кайтарууну ойлобогондугун кошумчалады.

“Сабырдуулук сакталсын” чакыруусу

Айрым өлкөлөр Трамптын тарифтерине этияттык менен мамиле кылууну тандашууда.

Улуу Британия АКШ менен экономикалык келишимдин 10% тарифтин таасирин жеңилдетерин ойлоп жатат. Соода министри Жонатан Рейнольдс :"Сабырдуу жана чечкиндүү болушубуз керек",- деди.

Германиянын химиялык өнөр жай ассоциациясы Европа Биримдигин «сабырдуулукту сактоого» чакырып, күчөгөн соода согушунунЕвропа экономикасына зыян келтирерин билдирди. Билдирүүдө : "Германия соода согушунда пешка болбошу керек" деп айтылды.

Жаңы Зеландиянын соода министри Тодд МакКлей да АКШнын тарифтерине каршы чыгып, болжолдонгон салык катнаштарынын чындыкты чагылдырбагандыгын билдирди.

"Биз өтө төмөн тарифтерди колдонгон өлкөбүз. 20 пайыз эмес, АКШ болжолдогон 10 пайыздан төмөн",-деген МакКлей, өч алуунун өлкө ичиндеги бааларды жогорулатып, инфляцияга себеп болорун баса белгиледи.

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет