Израиль Газанын чыгышында жасаган кол салуусунда бир үй - бүлөдөн 11 кишини өлтүрдү

Жарандык коргонуу курмандыктардын арасында "сары сызыктан" өткөндөн кийин эч кандай эскертүү берилбестен жети бала жана эки аялдын бутага алыгандыгын билдирди.

Израиль Газанын чыгышында жасаган кол салуусунда бир үй - бүлөдөн 11 кишини өлтүрдү / Reuters

Газадагы Палестина Жарандык коргонуусу Израилдин аба күчтөрүнүн Газанын чыгышындагы аз-Зейтун мааласында бир унаага эскертүү бербестен бутага алуу менен жасаган кол салуусунда бир үй-бүлөдөн 11 кишинин каза болгонун жарыялады.

Жарандык коргонуунун катчысы Махмуд Басал унаада Шаабан үй-бүлөсүнүн 11 мүчөсү, анын ичинде жети бала жана эки аялдын болгонун жана унаанын "сары сызыктан" өткөндөн кийин атылганын белгиледи.

Басал кол салуунун эч кандай алдын ала эскертүүсүз болгонун белгиледи. «Аларды эскертүү же өлүмгө алып келбей тургандай кийлигишүүгө болмок. Бирок болгон окуялар оккупациянын бейкүнөө жарандарга каршы кылмыш жасоодо жана кан төгүүдө чечкиндүү экенин көрсөттү», - деди.

"Жаңы кыргын"

"Сары сызык" - Израиль аскерлери жайгашкан аймактар менен палестиналыктардын Газа тилкесинде кыймылдай турган жерлерди бөлүп турган расмий эмес чек ара.

Хамас менен Израилдин ортосунда аймактык жана эл аралык деңгээлде ортомчулук кылган жана 10-октябрда ишке ашырылган ок атышууну токтотуу келишими Израилдин Газадагы кээ бир аймактардан жарым-жартылай чегинүүсүн жана «сары сызык» деп аталган аймактарда жаңы позицияларга жайгашуусун күтүүдө.

Хамас Шаабан үй-бүлөсүнүн ал-Зайтундагы үйүн көзөмөлдөөгө аракет кылган учурда бутага алынышын “жаңы кыргын” деп мүнөздөдү.

Кыймылдын билдирүүсүндө: «11 шейиттин өмүрүн алган ал-Зейтундагы кыргын, оккупациянын жарандарды атайылап бутага алганын көрсөтүүдө,- деди.

Хамас Израилдин аракеттеринин "ок атпоо келишимин бузууну улантуу жана карапайым калкты кайда болбосун куугунтуктоо ниетинде экендигин" көрсөткөндүгүн белгилеп кол салууну "ок атышпоонун ачык бузулушу" деп мүнөздөдү.