ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Отчетто АКШнын Украинага дагы көп Патриот абадан коргонуу системасын жиберери билдирилди
Пентагондун мурдагы кызматкери АКШнын Украинага үч, Германияга үч жана башка Европа өлкөлөрүнө бирден Патриот системасын бергенин айтты.
Отчетто АКШнын Украинага дагы көп Патриот абадан коргонуу системасын жиберери билдирилди
/ AFP

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага курал жөнөтүүнү уланта тургандарын билдиргенден кийин кошумча Патриот абадан коргонуу системаларын жөнөтүүнү ойлогону айтылды.

The Wall Street Journal (WSJ) аты аталбаган эки кызматкерге таянып берген кабарында АКШнын Украинага кошумча булак жөнөтүүнү карап чыкканын билдирди.

Кабарга караганда Ак үйдүн Пентагондон Украинага кошумча курал, өзгөчө Патриот системасын жөнөтүү үчүн варианттарды даярдоону суранган.

Өзгөчө башка өлкөлөрдүн Киев башкаруусуна дагы көп Патриот системаларын бере алар-албасын иликтеп жатканы айтылды.

Пентагондун мурдагы кызматкери АКШнын Украинага үч, Германияганын үч жана башка Европа өлкөлөрүнүн жалпы бир Патриот системасын бергенин бирок техникалык тейлөө маселелеринен улам алардын баары бир учурда иштей албай жатканын белгиледи.

Трампка жакын расмий өкүл Ак үйдүн согушту токтотуу аракеттерин колдогон мыйзамдардын чыгарылышы үчүн депутаттар менен бирге иштегенин айтты.

Трамп Ак үйдө тосуп алган Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху менен басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып : “Украинага дагы көп курал жөнөтүбүз. Жөнөтүүгө мажбурбуз. Өздөрүн коргой алышы керек. Абдан оор кол салуу астында”,- деди.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция