Газада акыркы 24 саатта 15 палестиналык каза болду анын ичинде 4 бала бар
Акыркы каза болгондор менен бирге жетишсиз тамактануудан улам каза болгон палестиналыктардын саны 101ге жетти.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги шейшемби күнү курчоого алынган аймакта акыркы 24 саатта кеминде 15 кишинин, анын ичинен 4 баланын жетишсиз тамактануу жана ачарчылыктан каза болгонун жарыялады.
Акыркы каза болгондор менен бирге 2023 - жылдын октябрь айынан бери жетишсиз тамактануудан улам каза болгондордун саны 101ге жетип, каза болгондордун 80и балдар.
Өткөн жумада палестиналык активисттер көчөдө ачкалыктан эс-учун жоготкон адамдар тууралуу документтерди көрсөтүштү. Газадан кабарлаган журналисттер дагы ушундай окуяларга күбө болгондорун жана өздөрү да ачкачылыктын таасирин сезип жатышкандарын ырасташты.
2-марттан бери Израиль Газага кирүүчү бардык чек араларды жаап, тамак-аш, дары-дармек жана гуманитардык жардамдын кирүүсүн токтоткон.
Газадагы Өкмөттүк Медиа Бюросунун маалыматына ылайык, 65 0000дей бала ачарчылык жана тамак-аш жетишсиздигинен өлүм коркунучу менен бетме - бет. Өзгөчө 60 000дей кош бойлуу аял тамак-аш жана негизги медициналык жардамдын жоктугунан олуттуу коркунучтарга туш болууда.
Израиль 2023-жылдын октябрь айынан бери Газа тилкесинде 59000ден ашуун палестиналыкты өлтүрдү. Алардын көпчүлүгүн аялдар менен балдар түзүүдө. Аскердик чабуул тилкени кыйратып, саламаттыкты сактоо системасын талкалап, тамак-аш тартыштыгына алып келди.