ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Британия Газа кол салуусунан кийин Израиль менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту
Тышкы иштер министри Дэвид Ламми гуманитардык жардамдарга карата уланып жаткан блокадасын да, израилдик жетекчилердин көкүтүүчү билдирүүлөрүн айыптады.
Британия  Газа кол салуусунан кийин Израиль менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту
/ AP

Британиянын тышкы иштер министри Газа тилкесиндеги "коркунучтуу" аскердик күчөтүүнү айыптап, Британия Израиль менен эркин соода сүйлөшүүлөрүн токтотту. Элчисин чакыртып алды жана басып алынган Батыш Шериа отурукташуучуларына каршы жаңы санкцияларды жарыялады.

Израиль армиясы өткөн аптада жаңы бир операция баштагандыгын жарыялады жана Газадагы саламаттыкты сактоо кызматкрелери Израилдин кол салууларынын акыркы сегиз күндө 500дөн ашуун кишини өлтүргөндүгүн айтышууда.

Израиль өзгөчө март айынын башынан бери Газага медициналык, азык - түлүк жана күйүүчү майдын киришине тоскоол болуп эл аралык адистерди жакындап келе жаткан ачарчылык тууралуу эскертти бирок дүйшөмбү күнү айрым жүк ташуучу унаалардын киришине уруксат берди.

Тышкы иштер министри Дэвид Ламми шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө кол салуунун "бул кагылышууда караңгы бир этап" экендигин айтты, Израилге жардам блокадасын токтотууга чакырды жана каржы министри Бецалел Смотричтин Газанын тургундарын үчүнчү өлкөлөргө көчүрүү тууралуу билдирүүлөрүн айыптады.

"Бул экстремизм. Бул коркунучтуу. Бул жийиркеничтүү. Бул айбанчылык, жана мен аны эң катуу сөздөр менен айыптайм," - деген Ламми Газадагы операциянын эки тараптуу карым - катнаштарыбыздын негизин түзгөн принциптер менен дал келбегендигин” да сөздөрүнө кошумчалады.

"Бүгүн мен Израиль өкмөтү менен жаңы эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконубузду жарыялайм."

Израилдин айтымында, Британия 2022-жылы мурдагы консерватор британ өкмөтүнүн тушунда расмий түрдө башталган соода сүйлөшүүлөрүн бир канча убакыттан бери алдыга жылдыра албагандыгын айтты.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы : "Британиянын мандаты так 77 жыл мурун соңуна чыкты. Тышкы кысымдар Израилди өзүн жок кылууну каалаган душмандарына каршы коопсуздугун коргоо жолунан бура албайт”,- деди.

Европа Биримдиги байланышты үзүүдө

Бир тараптан Европа Биримдиги Газадагы гуманитардык кризис тууралуу тынчсыздануулар күч алган бир чөйрөдө Израилге берген соода артыкчылыктарын карап чыгарын билдирди.

"Бүгүнкү талкуудан көрүнүп тургандай, Израиль менен Ассоциациялык Келишимдин экинчи беренесин карап чыгуу боюнча күчтүү көпчүлүк бар. Ошондуктан биз бул ишти баштайбыз," - деген Кая Каллас Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин Тышкы иштер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат жыйыны өткөрүлдү.

"Ошол эле учурда, гуманитардык жардамдын алдындагы тоскоолдуктарды жоюу Израилдин милдети. ачууга милдеттүү. Адам өмүрүн сактап калуу биздин башкы приоритетибиз болушу керек", - деп кошумчалады ал.

Каллас Газадагы гуманитардык абалды "катастрофалык" деп мүнөздөп, Европа Биримдиги каржылаган жардамдардын чек араларда бөгөттөлүп жатканын айтты.

"Израиль киришине уруксат берген жардамдар албетте ыраазычылык менен кабыл алынууда. Бирок бул океандагы бир тамчы. Жардамдар дароо, тоскоолдуксуз жана чоң көлөмдө агышы керек, анткени бул зарыл," - деп кошумчалады.

Иликте
Зеленский Россиянын Украинадагы телеканалдын имаратына дрон менен чабуул койгонун жарыялады
Смотрич: Осло келишимдери жараксыз, Батыш Шерианын А жана В аймактары аннексияланышы керек
Израиль күчтөрү оккупацияланган Батыш Шериада жүргүзүлгөн рейд учурунда бир палестиналыкты өлтүрдү
Польшада роботтор жасалма интеллектке каршы нааразылык акциясын өткөрүштү
Тышкы иштер министрлиги Младичке сөөк коюу  өткөрүлгөнүнө каршылык билдирди
Зеленский АКШ Орусия-Украина согушун басаңдатуу үчүн кадамдарды жасап жатканын айтты
Россиянын Киевге жасаган ракета жана дрон чабуулунан эки адам каза болуп, он адам жараланды
Сауд Арабиясы хуситтердин өлкөгө кол салууларынан 73 адам жаракат алганын билдирди
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды